Загрузка документа…
АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин
VIII чакырылышынын III кезектеги сессиясы
2025-жылдын 30-январындагы №26
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу, Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 20.12.2024-ж. №388\1 буйругун аткаруу максатында Маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруунун жана пайдалануунун, КР калктуу конуштарынын аймагындагы имараттардын жана курулмалардын фасаддарынын тышкы кѳрүнүшүнѳ карата талаптардын Типтүү эрежелери жалпы Жобосун бекитип берүү жѳнүндѳ
Тоң районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын 21.01.2025-ж. №01-4\9 кайрылуусунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу, Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 20.12.2024-ж. №388\1 буйругун аткаруу максатында Маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруунун жана пайдалануунун, КР калктуу конуштарынын аймагындагы имараттардын жана курулмалардын фасаддарынын тышкы кѳрүнүшүнѳ карата талаптардын Типтүү эрежелерин бекитип берүү боюнча, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча туруктуу комиссиянын сунушу угулуп, талкууланып Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу, Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 20.12.2024-ж. №388\1 буйругун аткаруу максатында Маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруунун жана пайдалануунун, КР калктуу конуштарынын аймагындагы имараттардын жана курулмалардын фасаддарынын тышкы кѳрүнүшүнѳ карата талаптардын Типтүү эрежелери жалпы Жобосунбекитип берүүгѳ макулдук берилсин.
2. Бул токтом каттоого алынып Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын реестрине киргизүү үчүн Ысык-Көл областтык Юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл айымагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Зарнаев Жыргалбек Жакшылыковичке милдеттендирилсин.
Төрага С. Эркинбек уулу