Загрузка документа…
АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин
VIII чакырылышынын III кезектеги сессиясы
2025-жылдын 30-январындагы №29
Коӊур-Ѳлѳӊ айылдык грек-рим күрѳшү боюнча машыктыруучусу
М.Жайлообаевдин кайрылуусу боюнча, айыл ѳкмѳттүн 2025-жылына карата
каралуучу бюджетине Коӊур-Ѳлѳӊ айылдык грек-рим күрѳшү боюнча окуучулардын мелдештик сапарларына акча каражатын бѳлүп берүү жѳнүндѳ
Коӊур-Ѳлѳӊ айылдык грек-рим күрѳшү боюнча машыктыруучусу М.Жайлообаевдин кайрылуусу боюнча, айыл ѳкмѳттүн 2025-жылына карата каралуучу бюджетине Коӊур-Ѳлѳӊ айылдык грек-рим күрѳшү боюнча окуучулардын мелдештик сапарларына акча каражатын бѳлүп берүү боюнча билдирүүсүн угуп, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининбюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиянын чечимин угуп, талкуулап Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү Кеңеши токтом кылат:
1. Коӊур-Ѳлѳӊ айылдык грек-рим күрѳшү боюнча айыл ѳкмѳттүн 2025-жылына карата каралуучу бюджетине Коӊур-Ѳлѳӊ айылдык грек-рим күрѳшү боюнча, окуучулардын мелдештик сапарларына, айрым учурда, сметасы менен республикалык, обласстык дээӊгелдеги мелдештерге акча каражаты каралсын.
2. Бул токтом каттоого алынып Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын реестрине киргизүү үчүн Ысык-Көл областтык Юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл ѳкмѳтүнүн социалдык экономикалык ѳнүктүрүү бѳлүмүнүн башчысы К.Абдыраевга милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининбюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиянын төрайымы Т.Ормуковага тапшырылсын.
Төрага С. Эркинбек уулу