Загрузка документа…
АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин
VIII чакырылышынын III кезектеги сессиясы
2025-жылдын 30-январындагы №30
Президенттин астындагы комитети тарабынан жана Президенттин тапшырмасы
менен Ысык-Кѳл облусунун, Тоӊ районунун Ак-Терек айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу
Кѳл-Тѳр айылындагы жаӊы салына турган кичи футбол аянтчасына
80 000 (сексен миӊ) сом акча каражатын бѳлүп берүү жѳнүндѳ
Кѳл-Тѳр айылынын тургуну Н.Ѳмүракунованын арызы боюнча, Президенттин астындагы комитети тарабынан жана Президенттин тапшырмасы менен Кѳл-Тѳр айылындагы жаӊы салына турган кичи футбол аянтчасына 100 000 (жүз миӊ) сом акча каражатын ѳздүк салым катары бѳлүп берүү боюнча билдирүүсүн угуп,Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининбюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиянын чечимин угуп, талкуулап Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү Кеңеши токтом кылат:
1. Президенттин астындагы комитети тарабынан, Президенттин тапшырмасы менен Ысык-Кѳл облусунун, Тоӊ районунун Ак-Терек айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу Кѳл-Тѳр айылындагы жаӊы салына турган кичи футбол аянтчасына 80 000 (сексен миӊ) сом акча каражаты бѳлүнүп берилсин жана жери бүткѳндѳн кийин макулдук берилсин.
2. Бул токтом каттоого алынып Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын реестрине киргизүү үчүн Ысык-Көл областтык Юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл айымагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Зарнаев Жыргалбек Жакшылыковичке милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининбюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиянын төрайымы Т.Ормуковага тапшырылсын.
Төрага С. Эркинбек уулу