Загрузка документа…
КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каракол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезектеги II-сессиясы
2024-жылдын 11-декабры № 10
Айылдык кеңештин сессияларын , тармактык туруктуу комиссиялардын отурумдарын өтүү жана айыл тургундарынын суроо талаптары боюнча кабыл алуу үчүн бөлүнгөн кабинетти керектүү жабдуулар менен жабдуу жөнүндө
Каракол айыл өкмөтү тарабынан айылдык кеңештин сессияларын, тармактык туруктуу комиссиялардын отурумдарын өтүү жана айыл тургундарынын суроо талаптары боюнча кабыл алуу үчүн бөлүнгөн кабинетти керектүү жабдуулар менен жабдуу, сессиянын толук кандуу өтүүсүнө шарт түзүү жөнүндөгү депутаттардын суроо талаптарын, сын пикирлерин карап жана талкуулап чыгып, кезектеги сессия;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык кеңешке бөлүнгөн кабинетти керектүү жабдуулар менен жабдууга керектелүүчү акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин (Керектүү жабдуулардын тизмеси тиркелет).
2. Кийинки сессияга чейин кабинетти талапка ылайыктуу керектүү жабдуулар менен жабдуу жагы Каракол айыл өкмөтүнүн башчысынан суралсын.
3. Депутаттардын суроо-талабы протоколдук тапшырма катары кат жүзүндө айыл өкмөтүнүн башчысына жолдонсун.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышы жеке өзүмдүн көзөмөлүмө коюлсун.
Төрага |
| Э.Р.Тилекова |
Айылдык кеңештин кабинетине керектүү жабдуулардын тизмеси.
1. 2 катар стол – 8 даана,
2. Килем,
3. 30 даана кресло,
4. 2 даана люстра,
5. Компьютер толук жабдуусу менен ,
6. Принтер 3 в 1,
7. Проектор- 1 даана,
8. Эл.жылыткычы- 2 даана,
9. Канц товарлар (карандаш, ручка, блокнот, стикер, степлер, драколь, А4 форматындагы кагаздар, ж.б )
10. Токтомдорду тиркей турган 30 даана Боксфайл,
11. 30 литрлик термопот,
12. 30 даана чай ичүүчү кружкалар,
13. 30 даана чай кашык,
14. Тарелка - 12даана
15. Светной принтер – 1 даана,
16. Шкаф- 2 даана,
17. Кийим илгич – 1 даана,
18. Розеткаларды жаңыртуу – 3 даана,
19. Эл.узарткычы(удилинитель) 3-даана,
20. Разовый файль- 2 пачка,
21. Маркерная доска – 1 даана,
22. Маркер ар түстүү- 2 пачка,
23. Эшиктин сырткы бетине төрайымдын аты жазылган вывеска.
Жооптуу катчы |
| К.Ибраимова |