КӨК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бириккен Көк-Жар айылдык кеңешинин уюштуруу сессиясы
2024-жылдын 20-февралы № 1
Бириккен Көк-Жар айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколду бекитүү тууралуу
“Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы №24 Жарлыгы менен бекитилген пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жѳнүндѳ Убактылуу жобону жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бириккен Көк-Жар айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө 2024-жылдын 20-февралындагы №1 протокол бекитилсин.
2. Көк-Жар бириккен Көк-Жар айыл аймагынын Көк-Жар айылдык кеңешинин Арапов Расулбек Турганбаевич шайланган төрагасы деп таанылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага: | Т. Жалалов |