Редакцияот 20.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Бириккен Көк-Жар айылдык кеңешинин уюштуруу сессиясы

 

2024-жылдын 20-февралы № 2

Бириктирилген Көк-Жар  айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын  орун басарларын шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370-Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы №24-Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52-Токтомун жетекчиликке алуу менен бириктирилген Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Бириккен Көк-Жар  айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарларын  шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө 2024-жылдын 20-февралындагы №2 протокол бекитилсин.

2.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370-Жарлыгына ылайык Он Эки Бел, Найман айыл аймактары бириккендигин, катышкан 48 депутаттардын 35 добушуна ээ болгондугун белгилеп, бириктирилген Көк-Жар  айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары  болуп Кайымов Курванбек Мурзакамилович шайланды деп эсептелинсин.

3.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370-Жарлыгына ылайык Он Эки Бел, Найман айыл аймактары бириккендигин, катышкан 48 депутаттардын 29 добушуна ээ болгондугун белгилеп, бириктирилген Көк-Жар  айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары  болуп Исаков Орозали Нурмаматович шайланды деп эсептелинсин.

4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

Төрага:

Р.Т. Арапов