Редакцияот 20.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Бириккен Көк-Жар айылдык кеңешинин уюштуруу сессиясы

 

2024-жылдын 20-февралы № 4

«Көк-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемеси

айыл өкмөтүн түзүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 370 «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы №24 "Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобону бекитүү жөнүндө” Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 "Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө" Токтомун, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесин жана “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын жетекчиликке алып, Көк-Жар айылдык кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Он Эки Белайыл өкмөтүнүн» мекемесинин Нарай, Мырза Найман, Он Эки Бел,Он Эки Мойнок айылдарын жана «Найман» айыл өкмөтү мекемеси бириктирүү жолу менен «Көк-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемеси болуп кайра түзүлсүн.

Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы:

- Мамлекеттик тилде: «Көк-Жар  айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемеси.

-Расмий тилде: Учреждение "Айыл окмот Кок-Жарского айылного аймака"                                              

Кыскартылган фирмалык аталышы:

- Мамлекеттик тилде: «Көк-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтү» М-и.

- Расмий тилде: У-е "Айыл окмот Кок-Жарского айылного аймака".

 

2. Көк-Жар айыл аймагынын айылөкмөтүнүн Жобосу бекитилсин.

 

3. Көк-Жар  айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемесинин юридикалык дареги болуп, Кыргыз Республикасы, Ноокат району, Көк-Жар айылы, Көк-Жар көчөсү №57 болуп аныкталсын.

 

4. Мекеме Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.

Токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат.

 

 

Төрага:

Р.Т. Арапов