Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кенеши мекемесинин VII- чакырылышынын кезексиз II-сессиясы
2024-жылдын 06-марты № 2-2
Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кеңеши мекемесинин
Регламентин бекитүү жөнүндө
«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө», Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын негизинде иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган айылдык кеңештин иштерин уюштуруунун жана алардын ыйгарым укуктарын ишке ашыруунун тартибин белгилөө максатында Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кеңеши мекемеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кеңеши мекемесинин Регламенти бекитилсин.
2.Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3.Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кеңеши мекемеси өкүлчүлүктүү органынын ишин жөнгө салган Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларын жана ушул иштөө регламентин жетекчиликке алуу жагы Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кеңеши мекемесинин VII чакырылышынын депутаттарына тапшырылсын.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кеңеши мекемесинин төрагасынын орун басары К.Кайымовго милдеттендирилсин.
Төрага: | Р.Т. Арапов |