Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кенеши мекемесинин VII- чакырылышынын кезексиз II-сессиясы
2024-жылдын 06-марты № 2-3
Көк-Жар айыл аймагынын жайытка тиешелүү маселелерин, калкты ичүүчү
таза жана сугат суу менен камсыздоо жана тазалык кызматтарын
«Көк-Жар Тазалык» муниципалдык ишканасынын базасында
уюштуруусуна макулдук берүү жөнүндө
«Административдик-аймактык реформанын негизинде бириктирилген Көк-Жарайыл аймагынын жайытка тиешелүү маселелерин, калкты ичүүчү таза жана сугат суу менен камсыздоо жана тазалык кызматтарын «Көк-Жар Тазалык» муниципалдык ишканасынын базасында уюштуруусу жөнүндөгү» Көк-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин башчысы А.Шамуратовдун маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Министирлер кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы «Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө» №52 токтомунун 6-пунктуна ылайык жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Административдик-аймактык реформанын негизинде бириктирилген Көк-Жарайыл аймагынын жайытка тиешелүү маселелерин, калкты ичүүчү таза жана сугат суу менен камсыздоо жана тазалык кызматтарын «Көк-Жар Тазалык» муниципалдык ишканасынын базасында уюштуруусуна макулдук берилсин.
2. Токтомду аткарууга алуу жана жаңы түзүлгөн муниципалдык ишкананы уюштурууда уставын бекитүү жана каттоодон өткөрүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык аткарылышын камсыз кылуу жагы «Көк-Жар айыл аймагындагы айыл өкмөтү» мекемесинин башчысы А.Шамуратовго милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кенеши мекемесинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Р.Т. Арапов |