КӨК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
“Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кенеши” мекемесинин VII- чакырылышынын кезексиз III-сессиясы
2024-жылдын 16-апрели № 3-6
“Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кенеши” мекемесине катчы-ишкагаздарын жүргүзүүчүнүн бир штаттык бирдигин киргизүү жөнүндө
Министирлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы “Пилоттук режимде аймактык- административдик реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” №52 токтомунун 5-тиркемесине негиз, “Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кенеши” мекемесине катчы-ишкагаздарын жүргүзүүчүнүн бир штаттык бирдигин киргизүү максатында, Бюджет, экономика, муницпалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын сунуш долбоорун угуп жана талкуулап, “Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кенеши” мекемеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Министирлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы “Пилоттук режимде аймактык- административдик реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” №52 токтомунун 5-тиркемесине негиз, “Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кенеши” мекемесине катчы-ишкагаздарын жүргүзүүчүнүн бир штаттык бирдигин киргизүүгө макулдук берилсин.
2. Тиешелүү ишкагаздарын даярдоо жагы “Көк-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемесинин ФЭБнүн башчысы А.Тургунбай уулуна милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Көк-Жар айыл аймагындагы айылдык кенеши” мекемесинин Бюджет, экономика, муницпалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын орун басары: | К. Кайымов |