Редакцияот 16.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

“Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кенеши” мекемесинин VII- чакырылышынын кезексиз III-сессиясы

 

2024-жылдын 16-апрели  № 3-8

Борбаш айылынын тургуну Р.Нарынбаеванын арызын кароо жөнүндө

 

Борбаш айылынын тургуну Нарынбаева Райхан Каримовнанынарызына негиз,  Көк-Жар айылында жайгашкан 136 чарчы метр жеке менчигиндеги жер аянтынын багытын соода-сатык багытына өзгөртүү максатында бюджет, экономика,  муницпалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын сунуш долбоорун угуп жана талкуулап, “Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кенеши” мекемеси

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Борбаш айылынын тургуну Нарынбаева Райхан Каримовнанын Көк-Жар айылында жайгашкан 136 чарчы метр жеке менчигиндеги жер аянтынын багытын соода-сатык багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин.

 

2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы «Көк-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемесинин жер маселелери боюнча адиси Ж.Сарыбаевге милдеттендирилсин.

 

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  Жер, айыл чарба, суу, жайыт, жараштылышты коргоо, экология, жерге жайгаштыруу, өнөр-жай иштетүү, энергетика, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

 

Төраганын орун басары:

К. Кайымов