КӨК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
“Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кенеши” мекемесинин VII- чакырылышынын кезексиз III-сессиясы
2024-жылдын 16-апрели № 3-9
“Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кенеши” мекемесинин “Муниципалдык менчикте турган мүлктү эсептен чыгаруунун тартиби жөнүндө” Жобосун
бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан 2023-жылдын 25-декабрындагы № 358 буйругу менен бекитилген“Муниципалдык менчикте турган мүлктү эсептен чыгаруунун тартиби жөнүндө” Жобосуна негиз, “Көк-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемесинин “Муниципалдык менчикте турган мүлктү эсептен чыгаруунун тартиби жөнүндө” Жобосун бекитүү максатында, “Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кенеши” мекемеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.“Көк-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемесинин “Муниципалдык менчикте турган мүлктү эсептен чыгаруунун тартиби жөнүндө” Жобосун №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бекитилген Жобого ылайык иш алып баруу жагы “Көк-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемесинин башчысына жана ФЭБнүн башчысына милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Көк-Жар айыл аймагындагы айылдык кенеши” мекемесинин Бюджет, экономика, муницпалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын орун басары: | К. Кайымов |