Редакцияот 16.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

“Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кенеши” мекемесинин VII- чакырылышынын кезексиз III-сессиясы

 

2024-жылдын 16-апрели  № 3-11

Айыл аймагындагы айыл чарба багытындагы мамлекеттик фондунун жерлерин ижара келишими бүткөндүгүнө байланыштуу, ижара келишимдерин жаңылоо жана баштапкы бааларын көтөрүүгө макулдук берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 5-пунктуна жана Көк-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин башчысы А.Шамуратовдун 2024-жылдын 12-апрелиндеги №01-34/31 сандуу катына негиз, Көк-Жар айыл аймагындагы айыл чарба багытындагы мамлекеттик фондунун жерлерин ижара келишими бүткөндүгүнө байланыштуу, ижара келишимдерин жаңылоо жана баштапкы бааларын көтөрүүгө макулдук берүү максатында   

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Көк-Жар айыл аймагындагы айыл чарба багытындагы мамлекеттик фондунун жерлерин ижара келишими  жаңылоого макулдук берилсин жана жер аянтына коюлуучу баштапкы баалары төмөнкүдөй белгиленсин.

-алма бак 1,0 га жер аянтына 16 000 сом,

-сугат айдоо 1,0 га жер аянтына 12 000 сом,

-кайрак айдоо 1,0 жер аянтына 1 200 сом.

   

2.Мыйзам чегинде иш алып баруу  жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Шамуратовго милдеттендирилсин.

 

3.Токтомдун аткарылышын Жер, айыл чарба, суу, жайыт, жараштылышты коргоо,   экология, жерге жайгаштыруу, өнөр-жай иштетүү, энергетика, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төраганын орун басары:

К. Кайымов