Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
“Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кенеши” мекемесинин VII- чакырылышынын кезексиз III-сессиясы
2024-жылдын 16-апрели № 3-13
Көк-Жарайыл аймагынын аймагындагы “Абшыр-Таңы” СПАнын менчигиндеги ички ирригациялык курулмалардын жалпы бөлүгүн жана мүлктөрүн муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө
«Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2- жана 19-беренелерине, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 07.02.2024ж №52 токтомунун 6-пунктун жетекчиликке алып,“Абшыр Таңы”суу пайдалануучулар ассоциациясынын мүчөлөрүнүн жалпы жыйынынын ирригациялык курулмаларды жана мүлктөрдү муниципалдык менчикке акысыз берүү жөнүндө чечими тууралуу “Көк-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемесинин башчысы А.Шамуратовдун сунушун угуп жана талкуулап “Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кенеши” мекемеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.«Абшыр-Таңы» суу пайдалануучулар ассоциациясынын мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунун ирригациялык объектилерди жана мүлктөрдү муниципалдык менчикке өткөрүү жөнүндө өтүнүчү канааттандырылсын.
2.«Абшыр-Таңы» суу пайдалануучулар ассоциациясынын ирригациялык курулмаларынын жалпы бөлүгү жана мүлктөрү муниципалдык менчикке кабыл алынсын.
3.“Көк-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемесинин башчысы А.Шамуратов “Абшыр Таны” суу пайдалануучулары ассоциациясы менен биргеликте ирригациялык курулмалардын жалпы бөлүгүн жана мүлктөрүн кабыл алуу-өткөрүп берүү актын түзсүн.
4.Ирригациялык курулмаларды жана мүлктөрдү муниципалдык менчик реестрине камтысын.
Ушул “Көк-Жар айыл аймагындагы айылдык кеңеши” мекемесинин 2024-жылдын 16-апрелиндеги № 3-14 токтому Ош облустук юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
Токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө калтырамын.
Төраганын орун басары: | К. Кайымов |