Загрузка документа…
АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин
VIII чакырылышынын III кезектеги сессиясы
2025-жылдын 30-январындагы № 34
Тажик-Ооган чек арасынын 25-февраль майрамына карата, Тажик-Ооган чек арасынын ардагерлер тынчтык орнотуучуларынын биримдиги коомдук бирикмесинин кеӊешинин 11 (он бир) ардагерине 2000 (эки миӊ) сомдон жана Афган ардагерлерине 3000 (үч миӊ) сомдон акча каражатын карап берүү жѳнүндѳ
Тажик-Ооган чек арасынын ардагерлер тынчтык орнотуучуларынын биримдиги коомдук бирикмесинин кеӊешинин Тоӊ районунун тѳрагасы Исмалиов Кенжебек Ѳмүркуловичдин арызы боюнча, Тажик-Ооган чек арасынын 25-февраль майрамына карата 11 (он бир) ардагерине акча каражатын бѳлүп берүү жѳнүндѳ,Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининбюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиянын чечимин угуп, талкуулап Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү Кеңеши токтом кылат:
1. Тажик-Ооган чек арасынын 25-февраль майрамына карата, Тажик-Ооган чек арасынын ардагерлер тынчтык орнотуучуларынын биримдиги коомдук бирикмесинин кеӊешинин 11 (он бир) ардагерине 2000 (эки миӊ) сомдон каралып берилсин жана Афган ардагерлерине (айыл ѳкмѳтүнүн тизмесиндегилерге) 3000 сомдон каралып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл ѳкмѳтүнүн социалдык экономикалык ѳнүктүрүү бѳлүмүнүн башчысы К.Абдыраевга милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининбюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиянын төрайымы Т.Ормуковага тапшырылсын.
Төрага С. Эркинбек уулу