Редакцияот 03.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 3-апрели № 11

«Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер» категориясына которуу жөнүндө

Кызыл-Туу айыл аймагынын Кара-Сакал айылында 7-08-13-0307-0307 идентификациялык коду менен, аянты 2,0 га. жерди ат -спорттук эс алуу комплексин куруу үчүн Э. Бекниязованын ишенимдүү өкүлү Ашиев Нурланбек Токоновичтин арызын карап “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жай, транспорт, коммуникациялар, энергетика, коргонуу багытындагы жерлер”, жана башка максаттарда» категориясына которуу жөнүндө талкуулап, ошондой эле жеке турак жай куруу боюнча туруктуу жер комиссиясынын корутундусун угуп Кызыл-Туу айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кызыл-Туу айыл аймагынын Кара-Сакал айылында 7-08-13-0307-0307 идентификациялык коду менен, аянты 2,0 га жерди ат - спорттук эс алуу комплексин куруу үчүн «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер» категориясына которууга уруксат берилсин.

 

2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Б. Джылжымышовко жүктөлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жеке турак жай куруу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Айылдык

Кенештин төрагасы

 

М.Б. Суюналиев