Загрузка документа…
АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин
VIII чакырылышынын III кезектеги сессиясы
2025-жылдын 30-январындагы №35
Уулу Ата Мекендик согуштун 75 жылдык Жеӊиш майрамына карата
согушка катышкан орукта эмгектенип кѳзү ѳтүп кеткен ата-бабаларыбыздын сүрѳттѳрүн, ѳмүр баяндарын маданият үйлѳргѳ, китепкана жана мектептерге илүү атайын согуш темасында сабактарды ѳтүү жана патриоттук сабактарды ѳткѳрүү боюнча, ар бир айылдын китепканасына жана клубдарына (экѳѳнүн бирѳѳсүнѳ) атайын бурч уюштуруу банерлерди илүү жөнүндө
Ооган жана Баткен согушунун ардагерлери Т.Адылов, О.Мамбетов, Р.Оргодоев, Б.Керимов, Т.Исматов, Т.Исаев, К.Дѳлѳѳкеев атынан жазылган арыздары боюнча, Уулу Ата Мекендик согуштун 75 жылдык Жеӊиш майрамына карата согушка катышкан орукта эмгектенип кѳзү ѳтүп кеткен ата-бабаларыбыздын сүрѳттѳрүн, ѳмүр баяндарын маданият үйлѳргѳ, китепкана жана мектептерге илүү атайын согуш темасында сабактарды ѳтүү жана патриоттук сабактарды ѳткѳрүү боюнча, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининбюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиянын чечимин угуп, талкуулап Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊеши токтом кылат:
1. Уулу Ата Мекендик согуштун 75 жылдык Жеӊиш майрамына карата согушка катышкан орукта эмгектенип кѳзү ѳтүп кеткен ата-бабаларыбыздын сүрѳттѳрүн, ѳмүр баяндарын маданият үйлѳргѳ, китепкана жана мектептерге илүү атайын согуш темасында сабактарды ѳтүү жана патриоттук сабактарды ѳткѳрүү боюнча, ар бир айылдын китепканасына жана клубдарына (экѳѳнүн бирѳѳсүнѳ) атайын бурч уюштурулуп банерлерди илүүгѳ макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл айымагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Зарнаев Жыргалбек Жакшылыковичке милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининбюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиянын төрайымы Т.Ормуковага тапшырылсын.
Төрага С. Эркинбек уулу