Загрузка документа…
АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин
VIII чакырылышынын III кезектеги сессиясы
2025-жылдын 30-январындагы №36
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин
киреше бѳлүгүн кѳбѳйтүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигине караштуу мамлекеттик салык кызматынын 2025-жылдын 14-январындагы №01-4/74 катынын негизинде, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин киреше бѳлүгүн кѳбѳйтүүмаксатында 2025-жылдын 1-январь айынан тартып, салыктарга эсептелинүүчү зоналдык коэфициенти 2,0 коэфициентке кѳтѳрүү боюнча, Ак-Терек айыл ѳкмѳтүнүн социалдык экономикалык ѳнүктүрүү бѳлүмүнүн башчысы К.Абдыраевдин билдирүүсүн угуп жана Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининбюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиянын чечимин угуп, талкуулап Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү Кеңеши токтом кылат:
1. Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин киреше бѳлүгүн кѳбѳйтүүмаксатында Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 404-беренесинин 4 пунктуна ылайык 2025-жылдын 1-январь айынан тартып Ак-Терек айыл Ѳкмѳтү боюнча салык эсептелинүүчү айыл чарба эмес багытындагы жерлердин зоналдык коэфициенти 2,0 ѳлчѳмүндѳ бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл ѳкмѳтүнүн социалдык экономикалык ѳнүктүрүү бѳлүмүнүн башчысы К.Абдыраевга милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининбюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиянын төрайымы Т.Ормуковага тапшырылсын.
Төрага С. Эркинбек уулу