Загрузка документа…
АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин
VIII чакырылышынын III кезектеги сессиясы
2025-жылдын 30-январындагы №40
Ысык-Кѳл облусунун, Тоӊ районунун Ак-Терек айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу
“Бар-Булак” участогунда жайгашкан жакта 15-20-25-жылдан бери колдонуп келген ижарачылардын эмгегин эске алуу менен конкурс учурунда, жеӊилдиктерди кароо, мурунку иштеген адамдардын кызыкчылыктарын коргоо, конкурстун негизинде ижарага берүү жѳнүндѳ
Ысык-Кѳл облусунун, Тоӊ районунун “Бар-Булак” участогунда жайгашкан жакта 15-20-25-жылдан бери колдонуп келген ижарачылардын эмгегин эске алуу менен конкурс учурунда, жеӊилдиктерди кароо, мурунку иштеген адамдардын кызыкчылыктарын коргоо, конкурстун негизинде ижарага берүү жѳнүндѳ, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча туруктуу комиссиянын сунушу угулуп, талкууланып Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Ысык-Кѳл облусунун, Тоӊ районунун “Бар-Булак” участогунда жайгашкан жакта 15-20-25-жылдан бери колдонуп келген ижарачылардын эмгегин эске алуу менен конкурс учурунда, жеӊилдиктер каралып, мурунку иштеген адамдардын кызыкчылыктары корголсун, конкурстун негизинде ижарага берилсин.
2. Бул токтом каттоого алынып Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын реестрине киргизүү үчүн Ысык-Көл областтык Юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл айымагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Зарнаев Жыргалбек Жакшылыковичке милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Г.Ж.Сугатчиевага тапшырылсын.
Төрага С. Эркинбек уулу