Редакцияот 03.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 3-апрели № 14

Көчөнүн аталышы жөнүндө

Кызыл-Туу айылындагы Проектируемая атындагы көчөгө Джапарбек Ибрагимовтун ысымын ыйгарыруу жөнүндө Кызыл-Туу айылынын тургуну Б.Р. Ибрагимовтун арызын карап, Кызыл-Туу айылынын Проектируемая көчөнүн тургундарынын жалпы чогулушунун протоколунун негизинде, «Географиялык аталыштар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Кызыл-Туу айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Чуй облусунун Сокулук районунун Кызыл-Туу айылындагы Долбоорлонуучу көчөсү Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Джапарбек Ибрагимов көчөсү деп аталсын.

2. Токтомдун аткарылышын Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысына А.Б.Джылжымышовго жүктөлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырам.

 

 

Айылдык

Кенештин төрагасы

 

М.Б. Суюналиев