КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 28-августу № 17
Айыл чарба багытындагы жер салыгын компенсациялоого республикалык бюджеттен максаттуу трансферттердин түшүүсү жөнүндө
Кызыл-Ту айылдык кеңешинин бюджеттик комиссиясынын жыйынында каржы бөлүм башчысы А.Б.Раимбекованын маалыматын угуп бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгү жөнүндө, айыл чарба багытындагы жер салыгы боюнча пландын аткарылбай калышына жана республикалык бюджеттен 502,2 миң сом суммасында максаттуу трансферттердин түшүшүнө байланыштуу, сессиянын отурумунда талкуулап Кызыл-Туу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 137 токтомуна ылайык, айыл чарба багытындагы жер салыгы боюнча пландын аткарылбай калышы боюнча, республикалык бюджеттен 502,2 миң сом суммасында максаттуу трансферттердин түшүшүнө байланыштуу, бул каражаттар төмөнкү максаттарга жумшалсын
70629 Бөлүгү « ЖКХ»
ст. 2214 Күйүчү май сатып алуу -150,0 миң сом
ст.2215 “Башка кызматтар үчүн төлөөгө байланышкан башка чыгымдар” -102,5 миң сом
70721 Бөлүгү « ФАП»
ст. 2221 “Имараттарды жана жайларды учурдагы оңдоо иштери”– 21,4 миң сом
8023 Бөлүгү “Клуб”
ст. 2215 “Башка кызматтар үчүн төлөөгө байланышкан башка чыгымдар” – 35,0 миң сом
70921 Бөлүгү “Билим берүү”
ст. 2215 “Башка кызматтар үчүн төлөөгө байланышкан башка чыгымдар” – 123,6 миң сом
ст. 2222 “Учурдагы чарбалык максаттары үчүн башка буюмдарды жана материалдарды сатып алуу” – 69,7 миң сом
Бардыгы: 502,2 миң сом.
2. Бул токтомдун аткарылышы Каржы бөлүм башчысы А.Б.Раимбековага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Ту айыл өкмөтүнүн у.а. башчысы В.Ч. Шатемировага тапшырылсын.
Айылдык Кенештин төрагасы |
Суюналиев М.Б |