Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 21-сентябры № 19
Айыл чарба багытындагы жер салыгын компенсациялоого республикалык бюджеттен максаттуу трансферттердин түшүүсү жөнүндө
Кызыл-Ту айылдык кеңешинин бюджеттик комиссиясынын жыйынында каржы бөлүм башчысы А.Б.Раимбекованын маалыматын угуп бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгү жөнүндө, айыл чарба багытындагы жер салыгы боюнча пландын аткарылбай калышына жана республикалык бюджеттен 932,5 миң сом суммасында максаттуу трансферттердин түшүшүнө байланыштуу, сессиянын отурумунда талкуулап Кызыл-Туу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 137 токтомуна ылайык, айыл чарба багытындагы жер салыгы боюнча пландын аткарылбай калышы боюнча, республикалык бюджеттен 932,5 миң сом суммасында максаттуу трансферттердин түшүшүнө байланыштуу, бул каражаттар төмөнкү максаттарга жумшалсын:
70629 Бөлүгү« ЖКХ»
ст. 3111 +732,5 сатып алуу
70921 Бөлүгү « Билим Берүү»
ст. 2222 +200,0 курулуш материалдарын сатып алуу
Бардыгы: + 932,5 миң сом
2. Бул токтомдун аткарылышы Каржы бөлүм башчысы А.Б.Раимбековага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Ту айыл өкмөтүнүн у.м.а. башчысы В.Ч. Шатемировага тапшырылсын.
Айылдык Кенешинин төрагасы |
Суюналиев М.Б |