Редакцияот 21.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 21-сентябры № 21

«Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу жөнүндө

Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Кара-Сакал айылында контур №215 контур жалпы аянты 0,40 гектар жерди завод куруу үчүн «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу жөнүндө сессиянын отурумунда маселени карап чыгып, талкуулап көпчүлүк депутаттардын добушу менен Кызыл-Туу айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Кара-Сакал айылында контур № 215 жалпы аянты 0,40 га жерди завод куруу үчүн «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу, жана башка багыттагы жерлер» категориясына которууга уруксат берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы м.а. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы В.Ч. Шатемирова жүктөлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы ИЖС туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Айылдык

Кенештин төрагасы

 

М.Б. Суюналиев