КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 27-сентябры № 22
Кызыл-Туу айыл аймагы менен Күнтуу айыл аймагынын бириктирүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын административдик – аймактык түзүлушүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө” Кыргыз Рееспубликасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы №350 Жарлыгын аткаруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Административдик- аймактык түзүлүшү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12- беренесинин негизинде Кызыл-Туу айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сокулук районунун Кызыл-Туу айыл аймагы менен Күнтуу айыл аймагынын бириктирүү маселеси колдоого алынсын.
2. Бириккен айыл аймак “Күнтуу” айыл аймагы деп аталсын.
3. Бириккен Кызыл-Туу, Күнтуу айыл аймактарынын борбору Кызыл-Туу айылында жайгашсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөжагын өзүмө калтырам.
Кызыл-Туу айылдык Кенешинин төрагасы |
М.Б. Суюналиев |