Загрузка документа…
ҮЧ-КОРГОН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Коргон айыл аймагынын айылдык кеңешинин
IX чакырылышынын кезектеги 4 сессиясынын
2025-жыл 06-февралы №4/2
Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн алдындагы “Үч-Коргон Ак-Ниет” муницпалдык ишканасынын 2024-жылы аткарган иштери тууралуу маалыматын угуу жана 2025-жылга карата иш-планын бекитүү жөнүндө
Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн алдындагы “Үч-Коргон Ак-Ниет” муницпалдык ишканасынын жетекчиси У.Кушаковдун 2024-жылы аткарган иштери жана 2025-жылга карата иш планы тууралуу маалыматын угуп жана талкуулап, Үч-Коргон айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги 4-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн алдындагы “Үч-Коргон Ак-Ниет” муницпалдык ишканасынын жетекчиси У.Кушаковдун 2024-жылы аткарган иштери тууралуу маалыматы “канааттандырарлык” деп табылсын.
2. Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн алдындагы “Үч-Коргон Ак-Ниет” муницпалдык ишканасынын 2025-жылга карата иш-чаралар планы тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. “Үч-Коргон Ак-Ниет” муницпалдык ишканасынынын милдеттемелерине кирген маселелелердин аткарылышын көзөмөлгө алуу жана натыйжалуулугун арттыруу боюнча иш алып баруу жагы Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы М.Жапаровго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Үч-Коргон айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Т.Токтобаевага жүктөлсүн.
5. Токтом расмий жарыялангандан кийин юридикалык күчүнө кирет.
Төрага: | Таштанбай уулу Манас |
Үч-Коргон айылдык кеңешинин 06.02.2025-жылдагы №4/2 токтомуна тиркеме
“Үч-Коргон Ак-Ниет” муниципалдык ишканасынын 2025-жылга аткарылуучу иш-планы
№ | Аткарыла турган иштер | Аткаруу мөөнөтү | Аткаруучу |
1 | Өздүк курамды толуктап түзүү. Таза сууга жана тазалыкка болгон жыйымдарды колго алуу. Спец техникаларын сатып алуу | Январь, февраль айында | Уч-Коргон Ак-Ниет |
2 | Таза суу кампаларынын айланасын тазалоо жана Кызыл-Жар айылынын суу кампасына диаметри 300 болгон трубадан каналдан түз суу алып келүү үчүн керектүү кагаздарды даярдоо. Таштанды төгүүчү жайды сүрүп иретке келтирүү | Март | Уч-Коргон Ак-Ниет |
3 | Кызыл-Жар айылындагы таза суу кампага диаметри 300 болгон турабын орнотуу жана Кум, Жыл-Кол айылдарына кошумча суу кошуу үчүн Жел-Тийбес насоско улануучу трубаларды орнотуу. Мамлекеттик сатып алууларга катышып ишканага кошумча киреше тартуу. Таштанды төгүүчү жайды коргондоо | Март, апрель | Уч-Коргон Ак-Ниет |
4 | Кошумча суу кампаларын куруу. Мектеп, бала бакчалардын отказандан чыккан таштандыларын чыгаруу. Кум, Жыл-Кол , Мор-Булак Кызыл-Жар, Нарын, Терс жана Дерес-Сай айылдарынын ички көчөлөрүнө шагыл төгүп, сүрүп тегиздөө | Апрель, май, июнь, июль | Уч-Коргон Ак-Ниет |
5 | Ар бир айылдагы таза суу түтүктөрүнө задвижка орнотуу. авн камераларды тазалоо | Август, сентябрь, октябрь | Уч-Коргон Ак-Ниет |
6 | Үч-Коргон айыл аймагынын тургундарынын 2025-жылга таза суу, тазалык үчүн төгүлүүчү төлөмдөрүн толук жыйнап алуу жана ар бир айылга барып эл менен жолугушуу өткөрүү. 2026-жылга иш план түзүү | Ноябрь, декабрь | Уч-Коргон Ак-Ниет |