КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 3-ноябры № 25
Социалдык шаарча куруу жөнүндө
«Ас-Сафа» кайрымдуулук фонду тарабынан Кызыл-Ту айыл аймагынын аймагына аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, майыптарга, жесирлерге, жетимдерге социалдык шаарча куруу маселесин карап, талкуулап Кызыл-Туу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Ту айыл аймагынын аймагына социалдык шаарча курууга уруксат берилсин.
2. Социалдык шаарча куруу үчүн жер тилкесин трансформациялоо жагы айыл өкмөт башчысына тапшырылсын .
3. Инвесторлор менен иш алып баруу үчүн депутаттардын жана айыл өкмөт кызматкерлеринин ичинен убактылуу комиссия түзүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышы Кызыл-Ту айыл өкмөтүнүн башчысы А.М. Сагынбековко тапшырылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы ИЖС туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык Кенештин төрагасы |
М.Б. Суюналиев |