Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ-ДОСТУК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жыл 6-февралы №2
Бүргөндү-Достук айыл өкмөтүнүн Шамалды-Сай айылындагы мурунку Достук айыл өкмөтүнүн имаратына балдар бакчасын ачууга уруксат берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы ПЖ № 370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик аймактык реформаны жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгынын негизинде Бүргөндү айыл аймагы, Достук айыл аймагы жана Таш-Көмүр шаарынын Теңдик аймактык башкармалыгынан Теңдик, Кызыл-Алма, Чүйүт-Сай, Кудук-Сай, Кашкулак-Сай айылдары бириктирилип, “Бүргөндү – Достук айыл аймагынын айыл өкмөтү” болуп түзүлгөндүгүнө байланыштуу Шамалды-Сай айылындагы мурунку Достук айыл өкмөтүнүн имаратына балдар бакчасын ачууга уруксат берүү үчүн Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз 4-сессиясы токтом кылат:
1. Шамалды-Сай айылындагы мурунку Достук айыл өкмөтүнүн имаратына балдар бакчасын ачууга уруксат берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жана мыйзамдуу аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана жер маселелер боюнча башкы адисине жүктөлсүн.
3. Мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн областтык Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө укук жана мыйзамдуулук маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Анарбаевге милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин төрагасы |
Н. Мадалиев |