Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ-ДОСТУК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жыл 6-февралы №3
Зоналдык коэффицентти бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 388-беренесинин 3,4-пунктуна жана 404-беренесинин 4-пунктуна ылайык короо жай, багбанчылык жер участтокторуна жана калктуу конуштардын, айыл чарба багытындагы эмес жерлерге мүлк салыгынын зоналдык коэффицентин 1.1 ге бекитип берүү максатында Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз 4-сессиясы токтом кылат:
1. Бүргөндү-Достук айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 6-февралындагы №01-10/170 сандуу каты эске алынсын.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Бүргөндү–Достук айыл өкмөтүнүн башчысы Б.К.Календеровго милдеттендирилсин.
3. Мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн областтык Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасы |
Н. Мадалиев |