Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ-ДОСТУК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жыл 6-февралы №4
Бүргөндү-Достук айыл өкмөтүнүн Кызыл-Туу айылындагы
Кең-Сай участкасындагы 300 га бакка алынган инвентарларды Келечек ынтымагы муниципалдык ишканасына өткөрүп берүү жөнүндө
Кызыл-Туу айылынын Кең-Сай участкасындагы 300 га бакка алынган инвентарларды Келечек ынтымагы муниципалдык ишканасына өткөрүп алуу үчүн Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз 4-сессиясы токтом кылат:
1. Кызыл-Туу айылынын Кең-Сай участкасындагы 300 га бакка алынган инвентарларды Келечек ынтымагы муниципалдык ишканасына өткөрүлүп берилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 27-январындагы № 15 сандуу буйругу эске алынсын.
3. Инвентарларды тактап, өткөрүп алуу жагы комиссия мүчөлөрүнө жана Келечек ынтымагы муниципалдык ишканынын жетекчиси О.Калмуратовго милдеттендирилсин.
4. Мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн областык Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Календеровго жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасы |
Н. Мадалиев |