Редакцияот 03.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 3-ноябры № 26

Муниципалдык ишканаларды бириктирүү жөнүндө

Кызыл-Туу айыл аймагынын тургундарынын көптөгөн арыз-даттанууларга байланыштуу жана муниципалдык ишканалардын ишинин натыйжасыздыгы үчүн Кызыл-Туу айыл өкмөтүнө караштуу «Кызыл-Туу» муниципалдык ишканасы менен «Таза Конок» муниципалдык ишканасын бириктирүү маселесин карап, талкуулап Кызыл-Туу айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кызыл-Ту айыл өкмөтүнүн башчысы А.М. Сагынбеков “Кызыл-Туу” жана “Таза Конок” муниципалдык ишканаларын бириктирүү маселесин колдонуудагы ченемдик укуктук актылардын алкагында карасын.

2. Муниципалдык ишкананын ишин алып баруу үчүн айыл өкмөтүнүн имаратынан кабинет бөлүп берүү жагы жетекчиге сунушталсын.

3. Муниципалдык ишканалардын оперативдүү башкаруусунда турган жүк ташуучу унаалар айыл өкмөтүнүн карамагына кайтарылып берилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышы Кызыл-Ту айыл өкмөтүнүн башчысы А.М. Сагынбековко тапшырылсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

 

Айылдык

Кенештин төрагасы

 

М.Б. Суюналиев