Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 4-ноябры № 707-т
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы санарип экономика чөйрөсүндөгү өнөктөштүк жөнүндө макулдашуунун мамлекеттик тилде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрине жогоруда аталган Макулдашуунун долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| Тиркеме |
Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы Санарип экономика чөйрөсүндөгү өнөктөштүк жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Азербайжан Республикасынын Өкмөтү, Казакстан Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, Түркия Республикасынын Өкмөтү жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөтү (мындан ары ар бири өз алдынча "Тарап" же жамааттык түрдө "Тараптар" деп аталып),
2009-жылдын 3-октябрындагы Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешин түзүү жөнүндө Нахичеван макулдашуусунун негизинде;
Достукту жана боордоштукту колдоо менен,
"Түрк дүйнөсүнүн көз карашы-2040" жана "2022-2026-жылдарга карата түрк мамлекеттер уюмунун стратегиясында" белгиленген артыкчылыктарды эске алып;
Санарип экономикага тиешелүү маселелер боюнча кызматташууну өнүктүрүүгө ынтызар экендигин ырастап;
Санарип экономика, анын ичинде электрондук коммерция сунуштаган экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууну жана товарларга жана кызматтарга кеңири жеткиликтүүлүктү каалап;
Бардык мүчө мамлекеттер катышуучу болгон тиешелүү эл аралык келишимдер боюнча Тараптардын милдеттенмелерин таанып;
Эл аралык соодада аялдардын, жаштардын, аялуу топтордун жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын инклюзивдик экономикалык өсүүсүнө көмөктөшүүдө санарип экономиканын маанилүүлүгүн белгилеп;
керектөөчүлөр жана ишканалар үчүн маанилүү инфраструктураны коргоодогу, коопсуз жана ишенимдүү санарип платформаларды камсыздоодогу жалпы кызыкчылыктарды аң сезим менен түшүнүп;
Иштеп жаткан ишканаларды жакшыртууга, жаңы продукцияларды чыгарууга жана рынокторду түзүүгө технологиялык жетишкендиктердин оң таасирин эске алып;
Товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн трансчек аралык соодасын камсыз кылууга мүмкүндүк берген санарип системалардын өз ара аракеттенүүсүн илгерилетүүдө өз ара стандарттарды түзүүнүн ролун түшүнүү менен;
Коомдук бакубаттуулукту камсыз кылуу, мамлекеттик саясаттын мыйзамдуу максаттарын коргоо укугун таанып,
Төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
I БӨЛҮМ. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
1-берене. Колдонуу чөйрөсү
Ушул Макулдашуу Тараптар кабыл алган же колдоого алган товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук каражаттар аркылуу сатууга (мындан ары - "электрондук коммерция" деп аталат) жана санарип экономиканын тектеш чөйрөлөрүндөгү кызматташууга таасир этүүчү чараларга карата колдонулат.
2-берене. Максаттар
Ушул Макулдашуунун максаттары төмөнкүлөр болуп саналат:
a) электрондук коммерция аркылуу Тараптардын ортосундагы соода мамилелерин чыңдоо;
b) Тараптардын аймактарында жана Тараптардын ортосунда санарип экономиканы үзгүлтүксүз, инклюзивдик жана туруктуу өнүктүрүүгө көмөктөшүү;
c) Тараптардын ортосундагы экономикалык активдүүлүктүн өсүшүн колдоо;
d) санарип экономика маселелери боюнча Тараптардын кызматташуу чөйрөсүн кеңейтүү;
e) Тараптардын ортосундагы ишкердик байланыштарын чыңдоого көмөктөшүү;
f) чакан жана орто ишканалардын (мындан ары - ЧОИ) санарип экономикага катышуусуна көмөк көрсөтүү;
g) санарип экономикага керектөөчүлөрдүн ишенимин жогорулатууга салым кошуу.
3-берене. Аныктамалар
Ушул Макулдашуунун максаттары үчүн:
Электрондук коммерция - электрондук каражаттар, анын ичинде Интернет тармагын пайдалануу аркылуу товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жайылтуу, маркетинг жүргүзүү, сатуу же жеткирүү;
Керектөөчү - ар бир Тараптын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарында аныкталган керектөөчү;
Электрондук эсеп-фактура - Тараптардын мамлекеттеринин тиешелүү улуттук мыйзамдарында аныкталган, аны автоматтык жана электрондук түрдө иштеп чыгууга мүмкүндүк берүүчү электрондук форматта берилген, жөнөтүлгөн жана алынган эсеп-фактура;
Электрондук эсепти берүү электрондук эсеп-фактураны автоматтык жана электрондук түрдө иштеп чыгууну билдирет;
Электрондук төлөмдөр - электрондук коммерциялык операциялар боюнча акчалай милдеттенмелерди аткаруу үчүн электрондук каражаттарды колдонуу менен акча которуулар;
Финтех - финансылык кызматтарды колдоо, өркүндөтүү, автоматташтыруу же берүү үчүн колдонулган компьютердик программалар жана башка технологиялар;
Жеке маалыматтар - идентификацияланган же идентификациялануучу жеке адамга тиешелүү ар кандай маалыматты билдирет;
"Бирдиктүү терезе" - соода бүтүмүнө катышкан жактарга импорт, экспорт жана транзит боюнча ченемдик талаптарды аткаруу үчүн бирдиктүү кирүү түйүнүнө маалыматтарды жана документтерди электрондук түрдө берүүгө мүмкүндүк берүүчү механизм;
Сооданы башкаруу документтери - товарлардын импортуна же экспортуна байланыштуу импорттоочу же экспорттоочу тарабынан же алар үчүн толтурулууга тийиш болгон Тараптар чыгарган же контролдогон документтердин түрүн билдирет;
Керексиз коммерциялык электрондук билдирүү - алуучунун макулдугусуз же алуучунун ачык баш тартуусуна карабастан, Тараптардын улуттук мыйзамдарында каралган чекте Интернетке кирүү кызматын көрсөтүүчү провайдер аркылуу же коммерциялык же маркетингдик максаттарда электрондук дарекке жөнөтүлгөн электрондук билдирүү.
ЮНСИТРАЛ - Бириккен Улуттар Уюмунун Эл аралык соода укугу боюнча комиссиясын билдирет.
4-берене. Төлөмдөр жана акча которуулар
1. Ар бир Тарап өз мамлекетинин аймагына жана анын аймагынан улуттук мыйзамдарга ылайык рынокко жеткиликтүүлүк берилген электрондук соодага тиешелүү бардык которууларды жана төлөмдөрдү эркин жана кечиктирбестен жүргүзүүгө уруксат берет.
2. Ар бир Тарап 1-пунктта көрсөтүлгөн которууларды жана төлөмдөрдү рыноктук алмашуу курсу боюнча эркин колдонулуучу валютада жүргүзүүгө уруксат берет.
3. Ушул беренеде эч нерсе Тараптардын тиешелүү улуттук мыйзамдарына жана Тараптардын мамлекеттери катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерге ылайык салыктар жана бажы алымдары боюнча өз милдеттенмелерин аткарууну талап кылууга тоскоолдук кылбайт.
4. 1 жана 2-пункттарга карабастан, Тарап өзүнүн улуттук мыйзамдарын адилеттүү, басмырлоосуз жана ак ниеттүүлүк менен колдонуу аркылуу которууну же төлөөнү төмөнкүлөргө байланыштуу алдын ала сактап калат же токтото алат:
(a) банкроттук, кудуретсиздик же кредиторлордун укуктарын коргоо;
(b) баалуу кагаздар, фьючерстер, опциондор же финансылык каражаттар менен болгон операциялар, чыгаруу же сатуу;
(c) укук коргоо же финансылык жөнгө салуучу органдарга жардам берүү үчүн зарыл болгон учурда финансылык отчеттуулукту же которуулардын эсебин жүргүзүүнү;
(d) кылмыштуу жоруктар;
(e) соттук же административдик териштирүүнүн жүрүшүндө буйруктарды же чечимдерди аткарууну камсыз кылуу;
(f) мүчө мамлекеттер катышкан эл аралык келишимдерди, ошондой эле тобокелдиктерди башкаруу жана банктардын ички контролдоо системаларын сактоо максатында терроризмди каржылоого бөгөт коюу жана акчаны адалдоого каршы күрөшүү боюнча.
5-берене. Төлөм балансын коргоо үчүн чектөөлөр
1. Төлөм балансынын олуттуу көйгөйлөрү жана тышкы финансылык кыйынчылыктар же алардын коркунучу болгон учурда, Тарап төлөмдөргө же которууларга чектөөлөрдү киргизиши же сактап калышы мүмкүн. Экономикалык өнүгүү процессинде Тараптын төлөм балансына өзгөчө басым көрсөтүүнү камсыз кылуу үчүн чектөөлөрдү пайдаланууну талап кыла тургандыгы, атап айтканда экономикалык өнүгүү программасын ишке ашыруу үчүн жетиштүү финансылык резервдердин деңгээлин сактоо таанылат.
2. Ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн чектөөлөр төмөнкүдөй болууга тийиш:
a) Эл аралык валюта фондунун макулдашууларынын беренелерин сактоо;
b) экинчи Тараптын коммерциялык, экономикалык жана финансылык кызыкчылыктарына зыян келтирбөө;
c) ушул берененин 1-пунктунда каралган жагдайларды четтетүү үчүн зарыл болгондордон ашпоо;
d) убактылуу мүнөзгө ээ болуу жана 1-пунктта көрсөтүлгөн кырдаалдардын жакшырышына жараша акырындык менен токтотуу;
e) улуттук режимдин негизинде жана экинчи Тарапка кандайдыр бир үчүнчү мамлекеттен кем эмес жагымдуу мамиле жасала тургандай түрдө колдонулууга тийиш.
3. Ушул берененин 1-пунктуна ылайык кабыл алынган же сакталган бардык чектөөлөр же ага киргизилген өзгөртүүлөр жөнүндө экинчи Тарапка токтоосуз түрдө кабарланат.
6-берене. Жалпы жана коопсуздук өзгөчөлүктөрү
1. Ушул Макулдашуунун максаты үчүн 1994-жылдагы Соода жана тарифтер боюнча башкы макулдашуунун XX жана XXI беренелери жана аларга берилген түшүндүрмө каттар ушул Макулдашууга киргизилди жана тиешелүү өзгөртүүлөрдү эске алуу менен анын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
2. Ушул Макулдашуунун максаты үчүн Кызмат көрсөтүүлөрдү сатуу боюнча башкы макулдашуунун XIV жана XIV беренелери (алардын шилтемелери менен кошо) ушул Макулдашууга киргизилди жана тиешелүү өзгөртүүлөрдү эске алуу менен анын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
7-берене. Пруденциалдык финансылык тартиптин өзгөчөлүктөрү
Ушул Макулдашуунун башка жоболоруна карабастан, Тарап этияттык себептердин негизинде, анын ичинде инвесторлорду, аманатчыларды, камсыздандыруучуларды же финансылык мекеме же финансылык кызмат көрсөтүүнү аткарууга милдеттүү болгон адамдарды коргоо же финансы системасынын бүтүндүгүн жана туруктуулугун камсыз кылуу үчүн чараларды көрүүгө же колдоого тоскоол боло албайт. Эгерде мындай чаралар ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык келбесе, алар ушул Макулдашуу боюнча Тараптардын милдеттенмелеринен же милдеттеринен баш тартуунун каражаты катары колдонулбайт.
II БӨЛҮМ. БИЗНЕСКЕ ЖАНА СООДАГА КӨМӨК КӨРСӨТҮҮ
8-берене. Кагазсыз соода
1. Ар бир Тарап сооданы башкаруу боюнча бардык документтерди электрондук жана машина окуучу форматта коомчулукка жеткиликтүү кылууга аракеттенет.
2. Ар бир Тарап соода администрациясынын документтеринин электрондук версияларын төмөнкү учурлардан тышкары кагаз документтердин юридикалык эквиваленти катары кабыл алат:
(a) башканы талап кылган ички же эл аралык мыйзамдар болсо;
(b) бул сооданы башкаруунун натыйжалуулугун төмөндөтсө.
3. Ар бир Тарап катышуучу органдарга же ведомстволорго бирдиктүү кирүү пункту аркылуу товарлардын импорту, экспорту же транзити үчүн документтерди же маалыматтарга талаптарды берүүгө мүмкүндүк берүүчү бирдиктүү терезени түзөт же иштөөсүн колдойт.
4. Тараптар соода администрациясынын документтерине тиешелүү маалыматтарды алмашууну жеңилдетүү үчүн өздөрүнүн "бирдиктүү терезелеринин" ортосунда ишенимдүү, үзгүлтүксүз жана коопсуз байланышты түзүүгө же колдоого аракеттенет.
5. 4-пунктта көрсөтүлгөн маалыматтардын жана документтердин түрүн ушул Макулдашуунун 26, 25-беренелерине ылайык түзүлгөн Биргелешкен комитеттин алкагында Тараптар биргелешип аныктайт, андан кийин Тараптар мындай документтердин тизмесине жалпы жеткиликтүүлүктү камсыздайт жана бул документтердин тизмесин Интернетке жайгаштырат.
6. Тараптар маалымат алмашуу системаларын иштеп чыгууда жана башкарууда эл аралык таанылган жана ачык стандарттарды тааныйт (Тараптар ушул пунктта көрсөтүлгөн маалымат алмашуу системаларын, 4-пунктта каралган "бирдиктүү терезелер" менен өз ара аракеттенүү мүмкүндүгүн тааныйт).
7. Тараптар 4-пунктта баяндалган маалыматтарды алмашууну жеңилдеткен системаларды колдонууга жана ишке киргизүүгө көмөктөшүүчү жаңы демилгелерди ишке ашыруу боюнча кызматташат, бирок алар менен чектелбестен, төмөнкүлөр аркылуу да кызматташат:
(a) маалымат алмашуу системаларын иштеп чыгуу жана башкаруу боюнча маалыматты жана алдыңкы тажрыйбаларды алмашуу; жана
(b) маалымат алмашуу системаларын өнүктүрүү жана башкаруу боюнча пилоттук долбоорлор боюнча кызматташуу.
8. Ар бир Тарап товарларды чек ара аркылуу өткөрүүдө бажы жана транспорттук маалыматтарды алмашууга умтулат.
9-берене. Ички электрондук коммерциянын укуктук базасы
1. Ар бир Тарап электрондук төлөмдөрдү кошпогондо, электрондук сооданы жөнгө салуучу бирдей укуктук базаны кабыл алууга же сактоого умтулат.
2. Тараптар өз мамлекеттеринин электрондук соода жаатындагы улуттук мыйзамдары жөнүндө маалыматты алмашат.
3. Тараптар өз мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарынын шайкештигин талдоодо кызматташат:
(a) Электрондук соода жөнүндө ЮНСИТРАЛ типтүү мыйзамы (1996); жана/же;
(b) 2005-жылдын 23-ноябрында Нью-Йоркто түзүлгөн Бириккен Улуттар Уюмунун Эл аралык келишимдерде электрондук байланыштарды пайдалануу жөнүндө конвенциясы;
(c) башка эл аралык уюмдардын алкагында Тараптар түзгөн башка эл аралык келишимдер;
() 2017-жылдагы электрондук түрдө берилүүчү жазуулар жөнүндө ЮНСИТРАЛдын типтүү мыйзамы.
10-берене. Логистика
1. Тараптар чыгымдарды азайтууга жана жеткирүү чынжырларынын ылдамдыгын жана ишенимдүүлүгүн жогорулатууга жардам берген натыйжалуу трансчек аралык логистиканын маанилүүлүгүн тааныйт.
2. Тараптар логистика сектору боюнча алдыңкы тажрыйба жана жалпы маалыматтар менен анын ичинде төмөнкү маалыматтар менен алмашууга умтулат:
(a) электрондук коммерция товарларын темир жол аркылуу ташуу жөнүндө маалымат (маалыматта расписание, маршрут, багыттын токтоочу жайлары камтылышы мүмкүн);
(b) темир жол станцияларынын айланасында логистикалык борборлорду жана "кургак портторду" түзүүгө талаптар;
(c) электрондук коммерция товарларын автомобиль, деңиз жана аба аркылуу ташуу жөнүндө маалымат;
(d) логистикадагы жеткирүүлөрдүн жана бизнес жүргүзүүнүн жаңы моделдери.
11-берене. Электрондук эсептешүү
1. Тараптар коммерциялык транзакциялардын натыйжалуулугун, тактыгын жана ишенимдүүлүгүн жогорулатуучу электрондук эсептешүүнүн маанилүүлүгүн түшүнөт. Тараптар өздөрүнүн тиешелүү юрисдикцияларынын чегинде электрондук эсептешүү үчүн колдонулган системалардын башка Тараптардын мамлекеттеринин юрисдикцияларында электрондук эсептешүү үчүн колдонулган системалар менен (маалыматтык системалардын ортосунда өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүгү менен) шайкештигин камсыз кылуунун артыкчылыктарын да тааныйт.
2. Ар бир Тарап өз юрисдикциясында электрондук эсептешүүгө байланыштуу чараларды ишке ашыруунун чек аралар аралык шайкештигин колдоого багытталышын камсыз кылууга умтулат (маалыматтык системалардын өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүгү менен). Ушул максатта ар бир Тарап өзүнүн электрондук эсептешүүгө байланыштуу чаралары эл аралык стандарттарга, көрсөтмөлөргө же сунуштарга негизделген деп эсептейт.
3. Тараптар электрондук эсептешүүнүн шайкеш (маалыматтык системалардын ортосунда өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүгү менен) системаларын глобалдуу жайылтууга көмөктөшүүнүн экономикалык маанилүүлүгүн тааныйт. Бул максатта Тараптар алдыңкы тажрыйбалар менен алмашат жана эсептерди электрондук түрдө коюунун шайкеш системаларын жайылтууда кызматташат.
4. Тараптар ишканалар тарабынан электрондук эсептешүүнү ишке ашырууну илгерилеткен, кубаттаган, колдогон же жеңилдеткен демилгелер боюнча кызматташууга жана өз ара көмөктөшүүгө макул болот. Ушул максатта Тараптар төмөнкүлөргө умтулат:
(a) электрондук эсептешүүнү колдоо үчүн негизги инфраструктуранын болушуна көмөктөшүү; жана
(b) электрондук эсептешүү үчүн маалымдуулукту жогорулатуу жана потенциалын жогорулатуу.
12-берене. Экспресс-жеткирүү
1. Тараптар электрондук коммерцияда экспресс-жүктөрдү сатууну жеңилдетүү максатында алардын тиешелүү бажы жол-жоболорун алдын ала, ырааттуу жана ачык-айкын колдонууну камсыз кылат.
2. Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болгон Тараптардын милдеттенмелерине зыян келтирбестен, ар бир Тарап бажы контролун сактоо менен экспресс-ташууларга карата бажы операцияларын жүргүзүүнүн артыкчылыктуу тартибин кабыл алууга же сактоого умтулат.
Бул жол-жобо төмөнкүлөрдү талап кылат:
(a) экспресс-жүктү чыгаруу үчүн зарыл болгон маалыматты берүү ал жүк келгенге чейин берилүүгө жана иргелүүгө тийиш;
(b) экспресс-жөнөтүүдө камтылган бардык товарларды камтыган маалыматты, мисалы декларацияны, эгер мүмкүн болсо, электрондук каражаттардын жардамы менен бир жолу берүүгө уруксат берүү (бошотуунун шарты катары кошумча документтер талап кылынышы мүмкүн);
(c) мүмкүн болушунча айрым товарлардын минималдуу документтер менен чыгарылышын камсыз кылуу;
(d) кадимки шарттарда, эгерде жеткирүү келип түшсө керектүү бажы документтерин тапшыргандан кийин, экспресс-жүктөрдүн тез арада чыгарылышын камсыз кылуу, жана;
(e) Тарап декларациялоочу жана ырастоочу документтерди, ошондой эле товардын салмагына же наркына жараша салыктарды жана бажы алымдарын төлөөнү кошкондо, чыгаруунун шарты катары алып келүүнүн формалдуу жол-жоболорун талап кыла алат деп таануу менен ар кандай салмактагы жана нарктагы жеткирүүлөргө карата колдонулат.
3. Ар бир Тарап мезгил-мезгили менен тездетилген жеткирүү деп эсептелген товарларга карата колдонулган сандык жана нарктык чектөөлөрүн карайт, анда маанилүү деп эсептелген факторлор, инфляциянын деңгээли, соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө таасири, тобокелдиктерди башкарууга таасири, алымдардын өлчөмүнө салыштырмалуу алымдарды топтоого кеткен административдик чыгымдар, трансчек аралык соода операцияларынын наркына, чакан жана орто ишканаларга же бажы алымдарын топтоого байланыштуу башка факторлорго тийгизген таасири эске алынат.
13-берене. Электрондук төлөмдөр
2. Ушул максатта жана алардын тиешелүү мыйзамдарына жана эрежелерине ылайык Тараптар төмөнкү принциптерди тааныйт:
(a) Тараптар электрондук төлөмдөр, анын ичинде жөнгө салуучу органдардын жактыруусуна, лицензиялык талаптарга, жол-жоболорго жана техникалык стандарттарга тиешелүү өздөрүнүн тиешелүү жоболору өз убагында жалпыга жеткиликтүү болушуна умтулат;
(b) Тараптар мүмкүн болушунча прикладдык программалоо интерфейсин (мындан ары - API) колдонууга көмөктөшөт жана финансы мекемелеринин жана төлөм кызматын көрсөтүүчүлөрүнүн жумушка шайкештиктигин жогорулатуу жана электрондук төлөм экосистемасындагы инновацияларды стимулдаштыруу үчүн мүмкүн болушунча үчүнчү тараптын оюнчуларын өздөрүнүн API финансылык продуктулары, кызматтары жана транзакциялары менен ыктыярдуу түрдө камсыз кылууга үндөйт;
(c) Тараптар санарип идентификациялык маалыматтарды пайдалануу менен жеке жана юридикалык жактарды трансчек аралык аутентификациялоо жана электрондук идентификациялоо мүмкүнчүлүгүн карайт;
(d) Тараптар жөнгө салуу аркылуу электрондук төлөм системаларында коопсуздукту, натыйжалуулукту, ишенимди жана коопсуздукту камсыз кылуунун маанилүүлүгүн тааныйт;
(d) Тараптар бирдей шарттарда инновацияларга жана атаандаштыкка өбөлгө түзүүгө тийиш экендигине макул болот жана иштеп жаткан жана жаңы катышуучулар тарабынан, мисалы ченемдик жана тармактык "кумкоргондорду" кабыл алуу жолу менен жаңы финансылык жана электрондук төлөм продуктуларын жана кызмат көрсөтүүлөрдү өз учурунда киргизүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуунун маанилүүлүгүн тааныйт.
14-берене. Ата мекендик жеткирүүчүлөрдүн маалыматтар базасы
Ар бир Тарапка ички сатуучулардын маалыматтар базасын түзүүгө же сактоого уруксат берилет. Мындай маалыматтар базасы потенциалдуу субподрядчыларды жана кызмат көрсөтүүчүлөрдү камтыган конкреттүү секторлордогу тиешелүү ата мекендик провайдерлердин тизмесин камтууга тийиш жана мүмкүн болсо төмөнкү мүнөздөмөлөрдү камтышы керек:
(a) компаниянын маалыматтык бюллетендеринин жардамы аркылуу жергиликтүү өндүрүш жана тейлөө потенциалын чагылдыруу;
(b) сектор же тармак боюнча издөөгө болот, продуктунун же кызмат көрсөтүүнүн аталышы, жайгашкан жери, сертификаттары ж.б.;
(c) сатуудан кийин инвесторлорду тейлөө менен байланышта болуу;
(d) онлайн режимде жана мүмкүн болсо англис тилинде жеткиликтүү болуу; жана
(e) дайыма жаңыланып туруу;
(f) мамлекеттик финансылык колдоону жана стимулдарды алуунун абалы;
(g) мамлекеттик тендерлерге жана сатып алууларга катышуунун абалы;
(h) мүмкүн болсо маалыматтар базасынын ортомчусу жеткирүү үчүн керектүү документтер менен текшерилгенге чейин жана керектөөчү (сатып алуучу) тарабынан бекитилгенге чейин транзакцияны төлөөнү чектейт.
15-берене. Маалыматтын жеткиликтүүлүгү
1. Ар бир Тарап өз сайтында жеткиликтүү болгон электрондук шилтемелерди же маалыматты жайгаштырууга тийиш, алар:
(a) башка Тараптардын эквиваленттүү сайттары; жана
(b) Тарап ушул Макулдашууну ишке ашырууга кызыкдар болгон кайсы болбосун жак үчүн пайдалуу деп эсептеген маалымат берилген өзүнүн мамлекеттик органдарынын жана башка тиешелүү уюмдардын сайттары.
2. Ар бир Тарап ушул келишимде камтылган бардык маселелер боюнча өзүнүн жалпы колдонуудагы мыйзамдарын, жоболорун, жол-жоболорун жана административдик токтомдорун кызыкдар тараптардын жана Тараптардын алар менен таанышуусуна мүмкүндүк бергидей дароо жарыяланышын же башка жол менен жеткиликтүү болушун камсыз кылат.
3. Ар бир Тарап төмөнкүлөрдү камтышы мүмкүн болгон онлайн маалыматтын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга умтулат:
(a) бажы эрежелери, жол-жоболору же маалымдама пункттары;
(b) электрондук коммерцияга байланышкан техникалык регламенттер, стандарттар же шайкештикти баалоо жол-жоболору;
(c) соодага көмөктөшүү программалары;
(d) мамлекеттик сатып алуулардын мүмкүнчүлүктөрү; жана
(e) чакан жана орто ишканаларды каржылоо программалары.
4. Ар бир Тарап маалыматтын жана шилтемелердин актуалдуулугун жана тактыгын камсыз кылуу үчүн 2-пунктта жана 3-пунктта көрсөтүлгөн веб-сайттагы маалыматты жана шилтемелерди үзгүлтүксүз текшерип турат.
5. Ар бир Тарап экинчи Тараптын 2-пунктта көрсөтүлгөн колдонуудагы жана жаңы мыйзамдары же эрежелери жөнүндө конкреттүү маалымат берүү тууралуу кандай болбосун суроо-талабына токтоосуз жооп бериши керек.
III БӨЛҮМ. БИЗНЕСТИ ЖАНА КЕРЕКТӨӨЧҮЛӨРДҮН ИШЕНИМИН ОРНОТУУ
16-берене. Электрондук колтамгалар
1. Ар бир Тарап өзүнүн ички мыйзамдарына жана электрондук колтамга жана/же сертификаттоо кызматтарынын жоболоруна ылайык, башка Тараптын мамлекеттик мыйзамдарына ылайык аккредитациядан өткөн же таанылган сертификаттоо кызматын көрсөтүүчүлөрдү аккредитациялоо же таануу жол-жобосун жеңилдетүүгө умтулат.
2. Электрондук сертификатты берген жана/же электрондук колтамганы түзгөн Тарап, колдонуудагы тартиптерге жана жоболорго ылайык өз милдеттерин аткарбай коюунун натыйжасында кайсы бир жеке жакка же юридикалык жакка атайылап же байкабастыктан келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик тартат.
3. Ар бир Тараптын сертификат берүүчүлөрдүн жана электрондук колтамга системасынын ишине улуттук деңгээлде көзөмөл жүргүзүүгө жооптуу компетенттүү органдары, эгерде бул мүмкүн болсо, электрондук колтамгалардын жалпы форматтарынын алкагында Тараптардын ортосунда электрондук колтамгаларды жана сертификаттардын профилдерин өз ара таанууну ишке ашыруу үчүн зарыл болгон негизди түзөт.
4. Ар бир Тараптын компетенттүү органдары Биргелешкен комитет аныктаган күнү электрондук колтамгаларды өз ара таануу жөнүндө макулдашуу түзүү мүмкүнчүлүктөрүн кароо жана мүмкүнчүлүктөрдү талкуулоо үчүн жолугушат. Жолугушуунун алдында ар бир Тарап башка Тараптарга электрондук колтамга жана сертификаттоо кызматтарына тиешелүү колдонуудагы мыйзамдары жана эрежелери жөнүндө маалымдайт.
5. Өз мыйзамдарында каралган учурлардан тышкары, Тарап колтамга электрондук түрдө аткарылгандыгы боюнча гана колтамганын юридикалык күчүн четке кага албайт.
6. Эч бир Тарап электрондук бүтүмдүн тараптарын сотто же юридикалык же административдик органдардын алдында алардын электрондук бүтүмү электрондук колтамгаларга тиешелүү мыйзамдуу талаптарга жооп берерин далилдей албаган электрондук колтамга жөнүндө ички мыйзамдарын жана эрежелерин кабыл ала албайт же колдой албайт.
17-берене. Керексиз коммерциялык электрондук билдирүүлөр
1. Ар бир Тарап керексиз коммерциялык электрондук билдирүүлөргө карата чараларды көрөт же кабыл алат:
(a) берүүчүлөрдөн алуучуларга керексиз коммерциялык электрондук билдирүүлөрдүн келүүсүн токтотуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууну талап кылуу;
(b) алуучу Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык белгиленген коммерциялык электрондук билдирүүлөрдү алуу макулдугун талап кылууга; же
(c) керексиз коммерциялык электрондук билдирүүлөрдү минималдаштыруунун алдын алуунун башкача жолдорун кароо.
2. Ар бир Тарап 1-пунктка ылайык көрүлгөн же колдонулган чараларды сактабаган керексиз коммерциялык электрондук кабарлардын ээлерине карата таасир этүүчү чараларды кароого тийиш.
3. Тараптар керексиз коммерциялык электрондук билдирүүлөрдү жөнгө салуу жаатында жалпы кызыкчылыкты жараткан тиешелүү учурларда кызматташат.
18-берене. Интернетте керектөөчүлөрдүн укугун коргоо
1. Тараптар керектөөчүлөрдү электрондук соодага катышууда алдамчылык, адаштыруучу же адаштырууга алып келүүчү жүрүм турумдан коргоо боюнча ачык-айкын жана натыйжалуу чараларды көрүүнүн маанилүүлүгүн тааныйт.
2. Тараптар керектөөчүлөрдүн кызыкчылыгын жогорулатуу максатында трансчек аралык электрондук соода менен байланышкан иш-аракеттерде керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча өздөрүнүн тиешелүү улуттук агенттиктери же башка тиешелүү органдар ортосунда кызматташуунун маанилүүлүгүн тааныйт.
3. Ар бир Тарап электрондук соодада керектөөчүлөрдүн укуктарын сооданын башка формаларында берилген коргоо деңгээлинен кем эмес натыйжалуу коргоону камсыз кылат.
4. Ар бир Тарап онлайн соодага катышкан керектөөчүлөргө зыян келтирүүчү же зыян келтириши мүмкүн болгон алдамчылык, адаштыруучу же адаштырууга алып келүүчү аракеттерге тыюу салган мыйзамдарды же эрежелерди кабыл алат же колдойт. "Алдамчылык, адаштыруучу же адаштырууга алып келүүчү аракеттерге" төмөнкүлөр кирет:
(а) материалдардын коопсуздугунун сапаты, жалпы наркы, анын ичинде жеткирүү баасы жана төлөө шарттары, жеткирүү мөөнөтү, товардын сыпаттамасы, курамы жана өндүрүмдүүлүгү, сактоо, кайтаруу жана алмаштыруу саясаты, товарлардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн саны же келип чыгышы, кепилдик милдеттенмелери, товарды оңдоо шарттары, ошондой эле аны менен байланышкан кызматтар жөнүндө адаштыруучу же жалган билдирүүлөр;
(b) товарларды берүү же кызмат көрсөтүү ниети жок эле аларды сунуштоо;
(c) товарларды же кызмат көрсөтүүлөрдү атайылап жалган жарнамалоо;
(d) эсеп-фактураны бергенден кийин керектөөчүлөргө товарларды жеткире албоо же кызмат көрсөтпөө;
(e) керектөөчүнүн уруксатысыз керектөөчүлөрдүн финансылык, телефондогу же башка эсептеринен каражаттарын эсептен чыгаруу же акчасын алуу.
5. Ар бир Тарап товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүү учурунда товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жөнүндө мыйзамдарга ылайык алгылыктуу жана канааттандырарлык сапатка ээ болушун талап кылган мыйзамдарды же эрежелерди кабыл алат же сактайт жана эгерде алар ишке ашпаса, керектөөчүлөргө тийиштүү түрдө ордун төлөп берет.
6. Ар бир Тарап керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча мыйзамдарын жана жоболорун жалпыга жеткиликтүү жана оңой жеткиликтүү кылууга умтулат.
7. Тараптар жагдайга жараша жана ар бир Тараптын тиешелүү мыйзамдарын жана эрежелерин эске алуу менен алдамчылык, адаштыруучу же адаштырууга алып келүүчү жүрүм-турумга карата, анын ичинде электрондук коммерцияга карата керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө өздөрүнүн мыйзамдарын сактоону камсыз кылууда өз ара кызыкчылык жараткан маселелер боюнча кызматташууга көмөктөшөт.
8. Тараптар керектөөчүлөрдүн кызмат көрсөтүүчүлөрдөн ички, ошондой эле эл аралык электрондук соодага тиешелүү укуктары жана милдеттери жөнүндө аларга маалымат берүүнү талап кылган чараларды көрөт же колдойт.
9. Ушул беренеде каралган чараларды иштеп чыгуу, аткарылышын жана колдонулушун контролдоо максатында Тараптар Биргелешкен комитет тарабынан аныкталган мөөнөттүн ичинде керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндө компетенттүү органдардын өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрөт.
10. Тараптар экинчи Тараптын мамлекетинин керектөөчүлөрүн (мындан ары - чет өлкөлүк керектөөчүлөр) сапатсыз жана кооптуу товарларды, сапатсыз жана кооптуу кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуудан, ошондой эле алдамчылык, адаштыруучу аракеттин жана жасалма коммерциялык тажрыйбанын кесепетинен жабыр тарткандарды укуктук коргоо чараларын белгилөөгө умтулат, алар төмөнкүлөрдү камтышы мүмкүн:
(a) мамлекеттин аймагында кызмат көрсөтүүчү катталган Тараптын компетенттүү органдары тарабынан чет өлкөлүк керектөөчүлөрдүн даттанууларын берүүнүн жана аларды кароонун онлайн-механизмдерин түзүү;
(b) Тараптагы керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоонун укуктук негиздери жөнүндө маалымат берүүчү көп тилдүү маалыматтык ресурсту түзүү жана колдоо;
(c) электрондук коммерциянын алкагында келип чыккан талаштарды жөнгө салуунун альтернативдүү механизмдерин киргизүү;
(d) керектөөчүлөрдүн укуктарын бузган конкреттүү учурларды биргелешип иликтөөнүн тартибин аныктоо.
19-берене. Жеке маалыматтарды коргоо
1. Тараптар жеке маалыматтарды коргоонун экономикалык жана социалдык артыкчылыктарын тааныйт жана бул керектөөчүлөрдүн электрондук соодага болгон ишенимин арттырат.
2. Ар бир Тарап жеке маалыматтарды, анын ичинде чек ара аркылуу берилген жеке маалыматтарды коргоону камсыз кылган ички укуктук базаны кабыл алат же жүргүзөт.
3. Ар бир Тарап маалыматтарды коргоо мыйзамдарын жана жоболорун жалпыга жеткиликтүү жана ачык кылышы керек, ошондой эле анын компетенттүү маалыматтарды коргоо органы анын мамлекети камсыз кылган жеке маалыматтарды коргоо жөнүндө маалыматты, анын ичинде төмөнкүлөрдү жарыялашы керек:
(a) жеке адамдар маалыматтарды коргоо укуктары бузулган учурда, укуктук коргоо каражаттарын колдоно алышат; жана
(b) жеке маалыматтарды коргоо боюнча бизнестин юридикалык милдеттенмелери жана аларды ишке ашыруу боюнча ар кандай сунуштар.
4. Ар бир Тарап өз мамлекетинин аймагында, анын ичинде Интернетте жеке маалыматтарды коргоо жаатындагы саясатын жана жол-жоболорун жарыялоого үндөйт.
5. Тараптар жеке маалыматтарды коргоого карата ар кандай укуктук мамилелерди колдоно ала тургандыгын таанып, Тараптар өздөрүнүн юрисдикцияларында колдонулуучу мындай механизмдерди колдонуу боюнча кандай болбосун маалымат жана тажрыйба алмашууга умтулушат.
IV БӨЛҮМ. КЫЗМАТТАШУУ
20-берене. Электрондук коммерция жаатында жалпы кызматташуу
1. Тараптар ушул Макулдашууну ишке ашырууга көмөктөшүү жана андан келип чыгуучу пайданы көбөйтүү максатында кызматташат. Кызматташуу иш-аракеттери ар бир Тараптын муктаждыктарын эске алышы керек жана төмөнкүлөрдү камтышы мүмкүн:
(a) жөнгө салуучу органдардагы, жөнгө салуучу агенттиктердеги же Тараптардын жөнгө салуучу органдарындагы саясий кызматкерлердин ортосунда маалымат алмашуу, диалог же жолугушуу;
(b) Тараптар макулдаша ала турган иштин башка түрлөрү.
2. Тараптар кызматташуунун деталдуу схемасын өзүнчө меморандумдарда бере алат.
21-берене. Чакан жана орто бизнес боюнча кызматташуу
1. Тараптар электрондук соодада динамизмди колдоодо жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатууда чакан жана орто ишканалардын негизги ролун тааныйт.
2. Электрондук коммерцияда чакан жана орто ишканалар үчүн соода жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү максатында Тараптар төмөнкүлөргө умтулат:
(a) чакан жана орто ишкердик рыногун өнүктүрүү жана мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн санариптик инструменттерди жана технологияларды колдонуп, маалымат жана мыкты тажрыйбаларды бөлүшүүгө;
(b) чакан жана орто ишканалардын ыңгайлашуусуна жана электрондук соодада өнүгүүсүнө жардам бере турган башка тармактарда кызматташууга;
(c) чакан жана орто ишканаларга эл аралык жеткирүүчүлөр, сатып алуучулар жана башка потенциалдуу бизнес өнөктөштөр менен байланышууга жардам бере турган онлайн платформаларга жана башка механизмдерге чакан жана орто ишканалардын катышуусун кубаттоого;
(d) Тараптардын мамлекеттеринин чакан жана орто ишканалардын ортосунда электрондук соода чөйрөсүндө тыгыз кызматташуусуна көмөктөшүүгө;
(e) чакан жана орто ишканалардын санариптик сабатын жогорулатууга жардам бере турган башка тармактарда кызматташууга.
22-берене. Финтех-кызматташуу
1. Тараптар Тараптардын мамлекеттеринде Финтех индустриясынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөктөшөт. Тараптар Финтех чөйрөсүндө натыйжалуу кызматташуу бизнестин катышуусун талап кылаарын таанышат. Ушул максатта Тараптар:
(a) Финтех секторундагы фирмалардын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүнү;
(b) бизнес же финансы сектору үчүн Финтех чечимдерди өнүктүрүүгө көмөктөшүүнү;
(c) Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык Тараптардын ортосунда ишкердик же Финтех чөйрөсүндө стартаптар ортосундагы кызматташтыкты колдойт.
23-берене. Киберкоопсуздук боюнча кызматташуу
1. Тараптар глобалдык гүлдөп өнүгүүгө жетишүү үчүн коопсуз электрондук соодага көмөктөшүү боюнча жалпы көз карашка ээ экендигин белгилеп, киберкоопсуздук электрондук соодага ишенимди орнотуу үчүн чечүүчү мааниге ээ экендигин тааныйт.
2. Тараптар мындан ары төмөнкүлөрдүн маанилүүлүгүн түшүнөт:
(a) компьютердик коопсуздук инциденттерине жооп берүүгө жооптуу болгон өздөрүнүн улуттук уюмдарынын потенциалын жогорулатуунун;
(b) Тараптардын мамлекеттеринин электрондук тармактарына таасир этүүчү зыяндуу коддордун, зыяндуу баскынчылыктарынын же таралышынын кесепеттерин аныктоо жана азайтуу максатында кызматташуу үчүн колдонуудагы кызматташуу механизмдерин пайдалануунун;
(c) квалификацияны өз ара таанууга мүмкүн болгон тиешелүү демилгелер аркылуу киберкоопсуздук жаатында жумушчу күчүн өнүктүрүүнүн;
(d) киберкоопсуздукка карата бардык тиешелүү улуттук жана эл аралык мыйзамдык, ченемдик жана келишимдик талаптарды сактоонун;
(e) электрондук коммерция үчүн коопсуздук архитектурасын бириктирген коопсуздук механизмдеринин жана жол-жоболорунун;
(f) электрондук коммерция платформаларынын киберкоопсуздугун камсыз кылуунун, ошондой эле алдынкы тажрыйбаларды киргизүү үчүн Тараптардын компьютердик коопсуздук жаатында өзгөчө кырдаалдарга жооп кайтаруучу тиешелүү топтор менен компроментация индикторлорунун, кибер инциденттердин, алынган сабактар жөнүндө маалымат алмашуунун.
24-берене. Атаандаштык саясаты боюнча кызматташуу
1. Атаандаштык мыйзамдарын сактоону камсыз кылуу, санариптик рыноктордо атаандаштык саясатын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу жаатында тажрыйба алмашуунун артыкчылыктарын таанып, Тараптар кызматташуу боюнча, анын ичинде төмөнкүдөй өз ара макулдашылган ишмердүүлүктү карап чыгат:
(a) санариптик рыноктордо атаандаштык саясатын иштеп чыгуу боюнча маалымат жана тажрыйба алмашуу;
(b) санариптик рыноктордо атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мыкты тажрыйба алмашуу;
(c) атаандаштык саясатын иштеп чыгууну бекемдөө жана санариптик рыноктордо атаандаштык мыйзамдарын сактоону камсыз кылуу үчүн зарыл болгон потенциалды түзүүдө Тарапка жардам берүү үчүн консультацияларды же тренингдерди өткөрүү, анын ичинде кызмат адамдарын алмашуу жолу менен жөнөтүү;
(d) Тараптар макулдашкан техникалык кызматташуунун кандай болбосун башка формасы боюнча.
2. Тараптар зарыл болгон учурда санариптик рыноктордо атаандаштык мыйзамдарынын сакталышын камсыз кылуу маселелери боюнча, анын ичинде кабарлоо, консультациялар жана жашыруун эмес маалыматтарды алмашуу аркылуу кызматташат.
3. Тараптар өздөрүнүн мыйзамдарына, эрежелерине жана маанилүү кызыкчылыктарына шайкеш келген тартипте жана колдо болгон ресурстардын чегинде кызматташат.
V БӨЛҮМ. БИРГЕЛЕШКЕН КОМИТЕТ ЖАНА БАЙЛАНЫШ ПУНКТТАРЫ
25-берене. Биргелешкен комитет
1. Тараптар ушул Макулдашуунун жоболорун ишке ашыруу үчүн Биргелешкен комитет түзүшөт, ал Тараптардын тийиштүү министрликтеринин жана мекемелеринин ушул Макулдашууну ишке ашыруу үчүн жооптуу өкүлдөрүнөн турат.
2. Биргелешкен комитет төмөнкүлөрдү ишке ашырат:
(a) ушул Макулдашууну ишке ашырууга же колдонууга тиешелүү ар кандай маселелерди кароо;
(b) ушул Макулдашууга түзөтүүлөрдү киргизүү жөнүндө ар кандай сунуштарды кароо;
(c) Тараптардын ортосундагы электрондук коммерция өнөктөштүгүн андан ары кеңейтүү жолдорун карап чыгуу;
(d) ушул Макулдашууну ишке ашыруунун механизмдерин иштеп чыгуу; жана
(e) Тараптар макулдаша ала турган ар кандай башка аракеттерди көрүү.
3. Биргелешкен комитет ушул берененин 2-пунктунда каралган маселелер боюнча консенсустук негизде чечим кабыл алат.
4. Биргелешкен комитет зарыл деп эсептесе, өзүнүн жумушчу топторун түзө алат.
5. Биргелешкен комитет ушул Макулдашуу күчүнө кирген күндөн тартып бир жылдын ичинде жана андан ары Тараптардын чечими боюнча, анын ичинде ушул беренеге ылайык өз функцияларын аткаруу үчүн зарылдыгына жараша чогулат.
6. Биргелешкен комитеттин отурумдары Түрк мамлекеттер уюмунун катчылыгынын көмөгү астында өткөрүлөт. Катчылык мындай сессияга бардык зарыл болгон административдик колдоону камсыз кылат жана Биргелешкен комитеттин чечими жөнүндө башка Тараптарга кабарлайт.
7. Ушул Макулдашууда каралган учурларды кошпогондо, ушул беренеге ылайык түзүлгөн Биргелешкен комитет өз ишин электрондук почтаны, виртуалдык жолугушууларды же видеоконференцияларды кошкондо, ар кандай ылайыктуу каражаттар менен жүзөгө ашырат.
8. Биргелешкен комитеттин ар бир отурумунда ар бир Тарап өз пландары жана ушул Макулдашууну ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалымат берет.
26-берене. Байланышуучу жактар
1. Ар бир Тарап ушул Макулдашууга тиешелүү бардык маселелер боюнча Тараптардын ортосундагы байланышка көмөктөшүү үчүн байланышуучу жакты (компетенттүү органды) дайындайт.
2. Ар бир Тарап ушул Макулдашуу күчүнө киргенден кийин мүмкүн болушунча тезирээк өзүнүн байланыш адамы тууралуу Түрк мамлекеттер уюмунун катчылыгы аркылуу башка Тараптарга кабарлайт.
3. Ар бир Тараптын байланышуучу жактары тиешелүү кызыкдар Тараптардын ишин ички координациялоо жана Тараптардын ортосундагы байланыш үчүн жооптуу.
4. Ушул Макулдашууга ылайык кандай болбосун кабарлоо, суроо-талап же маалымат башка Тараптарга алардын байланышуучу жактары аркылуу берилет.
5. Тараптардын суроо-талабы боюнча, мындай суроо-талапты алган экинчи Тарап же Тараптар маалымат берип, иш жүзүндөгү же сунушталган чарага байланыштуу ар кандай суроолорго жооп бериши керек.
6. Ушул беренеге ылайык берилген ар кандай кабарлоо же маалымат, бул чара ушул Макулдашууга шайкеш келүүсүнө же келбей калуусуна зыян келтирбейт.
7. Ар бир Тарап өзүнүн байланышуучу жагындагы ар кандай өзгөрүүлөр жөнүндө башка Тараптарга өз убагында кабарлоого милдеттенет.
VI БӨЛҮМ. КОРУТУНДУ ЖОБОЛОР
27-берене. Талаш-тартыштарды чечүү
1. Тараптар ушул Макулдашууну чечмелөөгө же аткарууга байланыштуу келип чыккан ар кандай талаш-тартыштарды өз ара консультациялар жолу менен чечүүгө аракеттенет.
2. Эгерде консультациялар башталгандан тартып бир жүз сексен (180) күндүн ичинде талаш-тартыш боюнча Тараптардын ортосунда өз ара алгылыктуу чечимге жетишүү мүмкүн болбосо, Тараптар талаш-тартышты ЮНСИТРАЛдын Арбитраждык регламентине же талаш-тартыштарды чечүүнүн кандай болбосун башка жол-жоболоруна ылайык жөнгө сала алат.
3. Арбитраждык соттун чечимдери акыркы болуп саналат, Тараптар үчүн юридикалык жактан милдеттүү жана аткарылууга тийиш.
4. Бул берене ушул Макулдашуу күчүнө киргенге чейин болуп өткөн окуялардан улам келип чыккан Тараптардын ортосундагы талаш-тартыштарга жайылтылбайт.
5. Тараптар ошондой эле талаш-тартыштын кайсы стадиясында болбосун, анын ичинде арбитраждык же башка териштирүү башталгандан кийин ЮНСИТРАЛдын медиация эрежелерине ылайык медиацияга катышуу жөнүндө макулдаша алат.
28-берене. Түзөтүүлөр
Ушул Макулдашууга кайсы убакта болбосун тараптардын жазуу жүзүндөгү өз ара макулдугу боюнча ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзүнчө протоколдор түрүндө түзүлгөн өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн, алар ушул Макулдашуунун 30-беренесинин жоболоруна ылайык күчүнө кирет.
29-берене. Депозитарий
Ушул Макулдашуунун депозитарийи болуп Түрк мамлекеттер уюмунун катчылыгы саналат.
30-берене. Күчүнө кириши
1. Ушул Макулдашуу белгисиз мөөнөткө түзүлдү.
2. Ушул Макулдашуу депозитарий тарабынан дипломатиялык каналдар аркылуу Тараптардын ушул Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон тиешелүү ички жол-жоболорду аяктагандыгын ырастаган акыркы жазуу жүзүндөгү билдирүүсүн алгандан кийин отуз (30) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
31-берене. Кошулуу
Ушул Макулдашуу бардык Тараптардын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен каалаган үчүнчү Тараптын кошулуусу үчүн ачык. Мындай кошулуучу Тараптар үчүн Макулдашуу дипломатиялык каналдар аркылуу кошулуу жөнүндө документти депозитарий алгандан отуз (30) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
32-берене. Чыгуу
Кайсы болбосун Тарап бул жөнүндө депозитарийге жазуу жүзүндө билдирүү менен ушул Макулдашуудан каалаган убакта чыга алат. Чыгуу депозитарий мындай билдирүүнү алгандан алты (6) ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Ушул Макулдашуунун түп нускасы азербайжан, казак, кыргыз, түрк, өзбек жана англис тилдеринде Түрк мамлекеттер уюмунун катчылыгына ("Депозитарий") сактоого өткөрүлүп берилет.
______________ шаарында _____________ 20____ "___" бир нускада азербайжан, казак, кыргыз, түрк, өзбек жана англис тилдеринде кол коюлду, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Чечмелөөдө кандайдыр бир кайчы пикирлер келип чыккан учурда, англис тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ болот.
Азербайжан Республикасы үчүн |
|
|
|
|
|
Казакстан Республикасы үчүн |
|
|
|
|
|
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үчүн |
|
|
|
|
|
Түркия Республикасынын Өкмөтү үчүн |
|
|
|
|
|
Өзбекстан Республикасынын Өкмөтү үчүн |
|
|