Загрузка документа…
ШЕКЕР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шекер айыл аймагынын айылдык кеңешинин II-чакырылышындагы депутаттарынын кезексиз № 2- сессиясы
2024-жылдын 2-декабры № 4
Айтматов районунун Шекер айыл аймагынын Кайнар айылындагы №17 “Насип” балдар бакчасынын оңдоп түзөө иштери жөнүндө
Шекер айыл аймагынын инфраструктурасын жакшыртуу максатында, 2024-жылдын 11-сентябрындагы болуп өткөн Кайнар айылындагы №17 “Насип” балдар бакчасынын мугалимдеринин жана ата-энелердин жалпы жыйынынын негизинде;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кайнар айылындагы №17 “Насип” балдар бакчасын оңдоп түзөө долбоорунун өтүнмөсү бекитилсин.
2. Жалпы наркы 1999996 (Бир миллион тогуз жүз токсон тогуз миң тогуз жүз токсон алты) сомго Айтматов райондук өнүктүрүү фондуна долбоор жазылсын.
3. Долбоорго тиешелүү иш кагаздар даярдалып Айтматов райондук өнүктүрүү фондуна жөнөтүлсүн.
4. Долбоорго тиешелүү иш кагаздар даярдоо жагы демилгелүү топко жана айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага |
| К.Э.Иманалиев |