Загрузка документа…
ШЕКЕР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шекер айыл аймагынын айылдык кеңешинин II-чакырылышындагы депутаттарынын кезектеги № 3- сессиясы
2024-жылдын 9-декабры № 7
Шекер айылдык аймактык Кенешинин 2024-жылдын негизги эсебине
11–айдын жыйынтыгы менен түшкөн кошумча кирешени бөлүштүрүү жөнүндө
Шекер айылдык кенеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шекер айылдык аймагынын бюджетинин негизги эсеби боюнча 2024-жылга бекитилген сметасына кошумча түшкөн 1 446,8 (Бир милион төрт жүз кырк алты миң сегиз жүз) миң сом акчалай каражаты киреше бөлүгүнө бекитилсин.
2. Чыгаша бөлүгү төмөнкү тармактарга чыгымдалышы бекитилсин.
а) Шекер өкмөтүнүн аппарат бөлүмү аркылуу Шекер айыл өкмөтүнүн ар кандай чыгымдар беренсинен 500000 (беш жүз миң) сом машиналар жана жабдуулар беренесинен 946800 (Тогуз жүз кырк алты миң сегиз жүз) сом акчалай каражаты чыгымдалсын.
3. 2024-жылдын 1- сентябрындагы ачылган Абакир уулу Шамуратбек атындагы бала бакчанын эмгек акысы, социалдык чегерүү, тамак аш чыгымдарына жергиликтүү бюджеттен акча каражаты жумшалгандыктан, 06.11.2024-жылы максаттуу трансферттен түшкөн 1945,6 мин сом акча каражатын декабрь айында 477,6 миң сом эмгек акыга, 82,4 миң сом социалдык чегерүүгө жана 200,0 миң сом тамак ашына бала бакчага жана калган 1185,6 миң сомун айыл өкмөтүнүн аппарат бөлүмүнүн эмгек акы жана социалдык чегерүү беренесинен которууга уруксат берилсин.
4. Айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүгүн бекитилген чыгым статьялары боюнча аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөттүн финансы экономика бөлүмүнө милдеттендирилсин.
Төрага |
| К.Э.Иманалиев |