Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 19-февралы № 40
"Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин айрым ченемдеринин колдонулушун токтото туруу жөнүндө
1-берене.
Сот арачылары институтунун натыйжалуу иштешин камсыз кылуу, аны ишке ашыруу үчүн талаптагыдай шарттарды түзүү, анын ичинде каржылоо булактарын аныктоо жана тиешелүү инфратүзүмдү өнүктүрүү максатында "Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 15-июлундагы № 215 Мыйзамынын колдонулушу 2035-жылдын 1-январына чейин токтотулуп турсун.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 45-главасынын колдонулушу 2035-жылдын 1-январына чейин токтотулуп турсун.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана 2025-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 21-февралындагы № 13 (3669) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Жогорку соту менен биргеликте ушул Мыйзамды ишке ашыруу үчүн зарыл чараларды көрсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 13-февралында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |