Загрузка документа…
ШЕКЕР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шекер айыл аймагынын айылдык кеңешинин II-чакырылышындагы депутаттарынын кезектеги № 3- сессиясы
2024-жылдын 9-декабры № 9
Айтматов районунун Шекер айыл аймагынын “Келечек” балдар бакчасын оңдоп түзөө иштери жөнүндө
Шекер айыл аймагынын инфраструктурасын жакшыртуу максатында, 2024-жылдын 25-ноябрындагы болуп өткөн “Келечек” балдар бакчасынын мугалимдеринин жана ата-энелердин жалпы жыйынынын негизинде;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шекер айылындагы “Келечек” балдар бакчасын оңдоп түзөө долбоорунун өтүнмөсү бекитилсин.
2. Жалпы наркы 1499955 (Бир миллион төрт жүз токсон тогуз миң тогуз жүз элүү беш) сом Айтматов райондук өнүктүрүү фондуна долбоор жазылсын.
3. Долбоорго тиешелүү иш кагаздар даярдалып Айтматов райондук өнүктүрүү фондуна жөнөтүлсүн.
4. Долбоорго тиешелүү иш кагаздар даярдоо жагы демилгелүү топко жана айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага |
| К.Э.Иманалиев |