Редакцияот 04.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН тескемеси

 

2023-жылдын 4-декабры № 743-т

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда "Айылды суу менен камсыз кылууну жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү долбоору" үчүн экинчи кошумча каржылоо маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы менен "Айылды суу менен камсыз кылууну жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү долбоору" үчүн экинчи кошумча каржылоо маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун биринчи орун басарына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий делегациясынын атынан сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча протоколго кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.Жапаров

 

 

 

 

 

 

 

Тиркеме

 

Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы менен "Айылды суу менен камсыз кылууну жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү долбоору" үчүн экинчи кошумча каржылоо маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий делегациясынын КУРАМЫ

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун биринчи орун басары, расмий делегациянын башчысы;

Кыргыз Республикасынын юстиция министринин биринчи орун басары;

Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинин директору;

Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин директору.