Редакцияот 21.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН төрагасыНЫН ТЕСКЕМЕСИ

 

2023-жылдын 21-ноябры № 604

 

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын делегацияларынын биргелешкен жолугушуусуна катышуу үчүн, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:

1. Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын делегациясы 2023-жылдын 21-ноябрынан тартып 26-ноябрына чейин Өзбекстан Республикасынын Анжиан шаарына жиберилсин.

3. Иш сапардык чыгымдарды төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" токтомунда белгиленген ченемдерге ылайык иш сапарга жиберүүчү уюмдардын эсебинен жүргүзүлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.Жапаров

 

 

 

 

 

 

Тиркеме

 

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын делегациясынын КУРАМЫ

Борубаев Назирбек Нарматович

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Министрлер Кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү, делегациянын жетекчиси;

Мусурманкулов Жанышбек Жусупович

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Министрлер Кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлчүлүгүнүн эксперти;

Акматов Мамасалы Такабаевич

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары;

Тулаев Маруфхан Каримович

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары;

Толтоев Эрнис Мукашбекович

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары;

Сарыбаев Эрмек Адылбекович

-

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин кеңешчиси  - өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси;

Мырзаев Абдулат Абдираимович

-

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы "Мамкартография" геодезия жана картография боюнча мамлекеттик мекемесинин директору;

Надырбеков Мелис Шадыбекович

-

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин бөлүмүнүн башчысы;

Урмамбетов Бакытбек Дженалиевич

-

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Биринчи саясий департаментинин кеңешчиси;

Исабеков Нарынбек Дуйшекеевич

-

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы "Мамкартография" геодезия жана картография боюнча мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары;

Сатиев Уланбек Кошбаевич

-

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын мамлекеттик чек араны кайтаруу башкы башкармалыгынын чек араны кайтаруу бөлүмүнүн башчысы;

Ботобаев Каныбек Калбаевич

-

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары;

Кебекбаев Калыбек Касеинович

-

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы "Мамкартография" геодезия жана картография боюнча мамлекеттик мекемесинин мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо бөлүмүнүн начальниги;

Миталипов Абабакир Мейманович

-

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Кадамжай филиалынын директору;

Аманов Талантбек Толкунбекович

-

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Араван филиалынын директору.