Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 14-февралы № 68
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-октябрындагы № 547 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик ишканалар тарабынан гана жүзөгө ашырылуучу иштерди аныктоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрү тарабынан калкты жана аймактарды табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан коргоого түздөн-түз байланышкан объекттерди куруунун натыйжалуулугун жана ыкчамдыгын жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-октябрындагы № 547 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу мамлекеттик ишканалар тарабынан гана жүзөгө ашырылуучу иштерди аныктоо жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Калкты жана аймактарды табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан коргоого түздөн-түз байланышкан алдын алуу, жоюу, авариялык-калыбына келтирүү жана жээктерди бекемдөө иштерин, ошондой эле гидрокурулмаларды жана башка объекттерди куруу боюнча иштерди аткаруу Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу мамлекеттик ишканалар тарабынан гана жүргүзүлүшү мүмкүн деп аныкталсын.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
|
А.А. Касымалиев
|