Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 5-февралы № 62
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-январындагы № 35 "Укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссиялар жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 451-беренесинин 2-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-январындагы № 35 "Укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссиялар жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссиялар жөнүндө типтүү жободо:
- 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Комиссия туруктуу иштөөчү коллегиалдуу орган болуп саналат. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарда Комиссия жөнүндө жобо, анын сандык жана жеке курамы тиешелүү мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими менен бекитилет.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында Комиссия жөнүндө жобо жергиликтүү кеңештин чечими менен, анын сандык жана жекече курамы - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын чечими менен бекитилет.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары өздөрүнүн чечимдери менен протоколдорду түзүүгө жана укук бузуулар жөнүндө токтомдорду чыгарууга, Кодексте каралган учурларда жазаларды колдонууга ыйгарым укуктуу кызмат адамдарынын тизмегин аныктайт.";
- 7-9-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. Комиссиянын мүчөлөрү өзүнүн ишкердик, жеке жана моралдык сапаттары, ден соолугунун абалы боюнча Комиссияга жүктөлгөн милдеттерди аткарууга жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жарандары болууга тийиш.
8. Комиссия 3төн 9 адамга чейин так санда түзүлөт. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарда Комиссиянын курамына тиешелүү мамлекеттик органдын кызматкерлери (кызматчылары) кирет.
Комиссияны мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басарларынын бири же тиешелүү мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан аныкталуучу мамлекеттик органдын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн биринин жетекчиси башкарат.
Комиссиянын катчысынын милдеттерин аткаруу тиешелүү мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими боюнча мамлекеттик органдын кызмат адамдарынын бирине жүктөлөт. Комиссиянын катчысы Комиссиянын мүчөсү боло албайт.
9. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын комиссияларынын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын кызматкерлери, жергиликтүү кеңештин депутаттары, тиешелүү аймактын коомдук уюмдарынын өкүлдөрү жана ошол аймакта жайгашкан мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү кирет.
Комиссияны жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын жетекчисинин орун басарларынын бири же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын аппаратынын жетекчиси/жооптуу катчысы же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн биринин жетекчиси башкарат.
Комиссиянын катчысынын милдеттерин аткаруу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү аткаруу органынын жетекчисинин чечими боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын кызмат адамдарынын бирине жүктөлөт. Комиссиянын катчысы Комиссиянын мүчөсү боло албайт.
Бишкек жана Ош шаарларында Комиссияны мэр тарабынан аныкталуучу кызмат адамы башкарат.";
- 11-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11. Комиссиянын ыйгарым укуктары ыйгарым укуктуу орган тарабынан Комиссия түзүү жөнүндө чечим кабыл алынган, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын жетекчиси тарабынан Комиссиянын курамы бекитилген күндөн тартып башталат.";
- 12, 14-пункттарда "жергиликтүү кеңеш" деген сөздөр "жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 11-февралындагы № 10 (3666) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |