Редакцияот 14.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 14-декабры № 32

Жер тилке бөлүп берүү жөнүндө

«Ас-Сафа» кайрымдуулук фонду тарабынан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, майыптарга, жесирлерге, жетимдерге социалдык шаарча куруу үчүн Кызыл-Туу айыл аймагынын Кара-Сакал айылында контур №234 аянты 3,0га жер тилкесин бөлүп берүү маселесин айылдык кеңештин сессиясында карап, талкуулап Кызыл-Туу айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кызыл-Ту айыл аймагынын Кара-Сакал айылында “Ас-Сафа” кайрымдуулук фонду тарабынан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, майыптарга, жесирлерге, жетимдерге социалдык шаарча курууга №234 контурдан 3,0га жер тилкесин бөлүп берүүгө макулдук берилсин. .

2. Бул токтомдун аткарылышы Кызыл-Ту айыл өкмөтүнүн башчысы А.М. Сагынбековко тапшырылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

 

Айылдык

Кенештин төрагасы

 

М.Б. Суюналиев