Редакцияот 04.03.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САМАРКАНДЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Самаркандек айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХX сессиясы

2022-жылдын 4-марты № 8

Самаркандек айылынын Орто-Сай участогуна айыл статусун берүүгө макулдук берүү жөнүндө

Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Гапаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Самаркандек айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХX сессиясы

 

Токтом кылат:

 

1. Самаркандек айылынын Орто-Сай участогунун жашоочуларынын 2022-жылдын 22-февралындагы жыйынынын №1 - протоколунун чечимине ылайык Орто-Сай участогуна айыл статусун берүүгө макулдук берет.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана Самаркандек айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

 

Төрага:

М. Тулаев