Загрузка документа…
БАГЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Багыш айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезексиз II сессиясынын
2024-жыл 18-декабры №2/5
Багыш айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу Балыкчы-Жалал-Абад авто жолунун №442, 433-контурларында жайгашкан 0,30 гектар жердин категориясын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жер” Кодексин негиздеп, Багыш айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 28-ноябрындагы №01-26/1596 “Багыш айыл өкмөтүнѳ караштуу Балыкчы-Жалал-Абад авто жолунун №442, 433-контурларында 0,30 гектар жерди №31 жол тейлѳѳ ишканасына жол оңдоо пунктун куруу үчүн, “Айыл чарба багытындагы жайыт жер” категориясынан, “Ѳнѳр жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерлери” категориясына которууга макулдук берүү жѳнүндѳ” кайрылуусун угуп жана талкуулап Багыш айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Багыш айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу Балыкчы-Жалал-Абад авто жолунун №442, 433-контурларында жайгашкан 0,30 гектар жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жайыт жер” категориясынан, “Өнөр жай транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерлери”категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык, аталган жерди которууга керектелген иш кагаздар топтомун даярдоо айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Түгөйбековго жүктөлсүн.
3. Токтомду Багыш айыл өкмөтүнүн расмий сайтка жарыялоо жана юстиция башкармалыгынын каттоосунан өткөрүү жагы жооптуу катчы М.Акумбаевага милдеттендирилсин.
4. Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.
Төрага |
К. Кулмамбетов |