Загрузка документа…
БАГЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Багыш айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезексиз II сессиясынын
2024-жыл 18-декабрындагы №2/6
Багыш айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу Орто-Сай айылында Түндүк тарабы Кѳк-Арт дарыясынын сол жегиндеги №72-контурунда жайгашкан 1 гектар жердин категориясын өзгөртүүгө
макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жер” Кодексин негиздеп, Багыш айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 28-ноябрындагы №01-26/1594 “Багыш айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу Орто-Сай айылында Түндүк тарабы Кѳк-Арт дарыясынын сол жегиндеги №72-контурунда жайгашкан 1 гектар жерди Бетон заводун куруу үчүн, “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан, “Ѳнѳр жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерлери” категориясына которууга макулдук берүү жѳнүндѳ” кайрылуусун угуп жана талкуулап Багыш айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Багыш айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу Орто-Сай айылында Түндүк тарабы Кѳк-Арт дарыясынын сол жегиндеги №72-контурунда жайгашкан 1 гектар жерди “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан, “Ѳнѳр жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерлери” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык, аталган жерди которууга керектелген иш кагаздар топтомун даярдоо айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Түгөйбековго жүктөлсүн.
3. Токтомду Багыш айыл өкмөтүнүн расмий сайтка жарыялоо жана юстиция башкармалыгынын каттоосунан өткөрүү жагы жооптуу катчы М.Акумбаевага милдеттендирилсин.
4. Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.
Төрага |
К.Кулмамбетов |