Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 5-февралы № 2779-VII
"2024-жылдын 9-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган
Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын
ортосундагы "Камбар-Ата ГЭС-1 долбооруна техникалык жардам
көрсөтүү үчүн кошумча каржылоо" долбоору боюнча каржылоо
жөнүндө макулдашууну жана Макулдашуу катын
(Гранттык макулдашууну) ратификациялоо тууралуу"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун
экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2024-жылдын 4-декабрындагы чыг. № 18-11020) "2024-жылдын 9-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Камбар-Ата ГЭС-1 долбооруна техникалык жардам көрсөтүү үчүн кошумча каржылоо" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну жана Макулдашуу катын (Гранттык макулдашууну) ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды, түзөтүүлөрдү эске алуу менен толуктап иштеп чыксын жана үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төраганын орун басары | Н.О. Сыдыгалиев |