Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 5-февралы № 2783-VII
"2024-жылдын 4-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган
Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы
Кредиттик макулдашууну (Күндөлүк операциялар [жеңилдетилген
шарттарда]) (Ысык-Көл айланма автожолун (Барскоон - Каракол
участогу) жакшыртуу боюнча долбоор) жана Кыргыз Республикасы
менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык
макулдашууну (Атайын операциялар) (Ысык-Көл айланма автожолун
(Барскоон - Каракол участогу) жакшыртуу боюнча долбоор)
ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2025-жылдын 13-январындагы чыг. № 18-209) "2024-жылдын 4-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну (Күндөлүк операциялар [жеңилдетилген шарттарда]) (Ысык-Көл айланма автожолун (Барскоон - Каракол участогу) жакшыртуу боюнча долбоор) жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну (Атайын операциялар) (Ысык-Көл айланма автожолун (Барскоон - Каракол участогу) жакшыртуу боюнча долбоор) ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетине жана бир эле убакта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматтарына жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбооруна карата жазуу жүзүндөгү өздөрүнүн сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемеси менен 3 жумуш күндүн ичинде жиберсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды, түзөтүүлөрдү эске алуу менен толуктап иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төраганын орун басары | Н.О. Сыдыгалиев |