Загрузка документа…
А.МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
А.Масалиев айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги III
сессиясынын
2025-жылдын 21 январы № 4
А.Масалиев айыл аймагынын Кожо айылындагы 2.0 га жер аянтын
транформациялоого макулдук берүү жөнүндө
А.Масалиев айылдык кеңешинин айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, А.Масалиев айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А.Масалиев айыл аймагынын Кожо айылындагы №171-контурундагы 2,0 га жер аянтын социалдык объект үчүн айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин сугат айдоо жеринен “Айыл чарба жерлер” категориясынан “Өнөр жайы, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Тийиштүү иш кагаздарын бүткөрүү жагы айыл өкмөт башчысы А.Бакировго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы А.Масалиев айылдык кеңешинин айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Т.Галботоев |