Загрузка документа…
А.МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
А.Масалиев айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги III
сессиясынын
2025-жылдын 21 январы № 5
А.Масалиев айыл аймагынын Өлагыш айылындагы бала бакчага
жер аянтын кошуп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
А.Масалиев айылдык кеңешинин айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, А.Масалиев айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А.Масалиев айыл аймагынын Өлагыш айылындагы Т.Мадарипов атындагы орто мектебинин жер аянтынан 0,10 га жер аянтын бала бакчага кошуп берүүгө макулдук берилсин.
2. Тийиштүү иш кагаздарын бүткөрүү жагы айыл өкмөт башчысы А.Бакировго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы А.Масалиев айылдык кеңешинин айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Т.Галботоев |