Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 5-февралы № 2775-VII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын
5-февралындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 5-февралындагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:
2025-жылдын февралына карата Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин календардык иш планын бекитүү жөнүндө;
Ар кандай маселелер;
2024-жылдын 18-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 120-беренесинин 2 жана 5-пункттарын түшүндүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматы жөнүндө;
"2024-жылдын 9-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Камбар-Ата ГЭС-1 долбоору үчүн техникалык жардам үчүн кошумча каржылоо" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну жана Макулдашуу катын (Гранттык макулдашууну) ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"2024-жылдын 8-октябрында Москва шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттерге жөнөтүлүүчү делегациялардын укуктук статусу жөнүндө конвенцияны ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"2024-жылдын 18-июлунда Ташкент шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жашыруун маалыматты алмашуу жана өз ара коргоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"2024-жылдын 4-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну (Күндөлүк операциялар [жеңилдетилген шарттарда]) (Ысык-Көл айланма автожолун (Барскоон - Каракол участогу) жакшыртуу боюнча долбоор) жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну (Атайын операциялар) (Ысык-Көл айланма автожолун (Барскоон - Каракол участогу) жакшыртуу боюнча долбоор) ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин кызмат ордуна Чечейбаев Эркин Маратовичти дайындоого макулдук берүү жөнүндө.
Төрага | Н. Тургунбек уулу |