Загрузка документа…
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Суу-Башы айылдык Кенештин VIII чакырылышынын кезекcиз IV сессиясы
2025-жылдын 5-февралы № 22
Суу-Башы айыл аймагынан жер аянтын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-июлундагы “Жер участокторун которуу (трансформациялоо)жөнүндөгү” №145-Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 3-февралындагы №70 сандуу катынын негизинде, Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер ресурстары жана муниципалдык менчик боюнча адисин угуп, талкуулап Суу-Башы айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагында жайгашкан №995-контурундагы 0,02га, №994-контурундагы 0,08га жалпы 0,10га жер аянттарын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын ичиндеги “Жайыт” түрүнөн “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (транформациялоого) макулдук берилсин.
2. Токтомдун негизинде керектүү болгон иш кагаздарын даярдап берүү жагы Суу-Башы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтом каттодон өткөрүлүп, suu-bashy.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомду көзөмөлгө алуу жагы жер, айыл чарба жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К.Шакиров |