Загрузка документа…
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Суу-Башы айылдык Кенештин VIII чакырылышынын кезекcиз IV сессиясы
2025-жылдын 5-февралы № 24
Суу-Башы айыл аймагындагы ээси жок ирригациялык каналдарды Баткен райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 1995-жылдын 7-июлундагы №271 токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-апрелиндеги №207 токтомуна ылайык, Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 4-февралындагы №69 сандуу чыгыш катынын негизинде, Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер ресурстары жана муниципалдык менчик боюнча адисин угуп, талкуулап Суу-Башы айылдык кеңеши токтом кылат:
Боз-Адыр, Кара-Токой, Шереч айылдарындагы Кол арык 7,362км коргоо тилкеси 12м, Шереч арык 4,957км коргоо тилкеси 12м, Лотковая сеть-1 2,564км коргоо тилкеси 12м, Лотковая сеть-2 6,73км коргоо тилкеси 12м, Лотковая сеть-2-1 1,686км коргоо тилкеси 12м, Лотковая сеть-2-2 0,756км коргоо тилкеси 12м, Лотковая сеть-2-3 1,404 км коргоо тилкеси 12м, Лотковая сеть-2-4 0,492км коргоо тилкеси 12м, Лотковая сеть-3 1,538км коргоо тилкеси 12м, Лотковая сеть-3-1 0,834км коргоо тилкеси 12м, Лотковая сеть-3-2 0,648км коргоо тилкеси 12м, Ширеч насостук станциядан башкы суу алуу түйүнү 0,250км коргоо тилкеси 12м жалпы узундугу 29,221км.
Апкан арык 5,543км коргоо тилкеси 12м, Бөжөй сай 9,671км коргоо тилкеси 12м, жалпы узундугу 15,214км.
Суу-Башы айыл аймагы боюнча жалпы 60,766км ээси жок ирригациялык каналдарды Баткен райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүүгөмакулдук берилсин.
Төрага | К.Шакиров |